Коом
Чет өлкөгө ишке орноштуруучу мыйзамдуу агенттиктердин тизмеси жаңыланды
Кыргызстанда жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштуруу боюнча мыйзамдуу агенттиктердин тизмеси жаңыртылганын Чет өлкөгө ишке орноштуруу борбору маалымдады. Тиешелүү чечимди ведомстволор аралык комиссия кабыл алган. Комиссия Түркия, Германия, Болгария, Словакия жана Перс булуңундагы өлкөлөрдө иштөө үчүн уруксат берүү, узартуу жана жокко чыгаруу боюнча арыздарды карады. Жалпысынан 28 компания боюнча чечим чыгарылып,