акыркы жаңылыктар

Эл камын ойлогон Balance.kg – жылдын аягына чейин жол киреге 5 сом төлөңүз

Эл камын ойлогон Balance.kg – жылдын аягына чейин жол киреге 5 сом төлөңүз

1-июлдан баштап Бишкектин муниципалдык транспортунда жол кире үчүн накталай акча төлөмөй жок болот. Буга байланыштуу, Balance.kg өз колдонуучуларына кам көрүп, Balance.kg тиркемеси аркылуу жол киреге 11 эмес, болгону 5 сом коопсуз жана ыңгайлуу түрдө төлөөгө өзгөчө мүмкүнчүлүк берет. Balance.kg арзан жол кире төлөө мүмкүнчүлүгүн берет, муну

Өзүбүзгө жетпей жатат – УКМКнын бөлүмдөрүнө контрабандага каршы күрөштү күчөтүү тапшырмасы берилди

Өзүбүзгө жетпей жатат – УКМКнын бөлүмдөрүнө контрабандага каршы күрөштү күчөтүү тапшырмасы берилди

Баалардын көтөрүлүшүнө, ошондой эле азык-түлүк жана элге керек товарлардын тартыштыгына байланыштуу, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) контрабандага каршы чараларды күчөтүүнү бардык бөлүмдөргө тапшырды. Акыркы убакта товарларды өлкөдөн мыйзамсыз алып чыгуу учурлары көбөйгөн. Бул тууралуу комитеттин басма сөз кызматы билдирет. Алсак, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев аймактык бөлүмдөргө жана Чек

Кыргызстан – дээрлик он миңдеген мөңгүнүн мекени. Акыркы 20 жылдын ичинде алар кайра калыбына келбегидей эригенине күбө болуудабыз – Садыр Жапаров

Кыргызстан – дээрлик он миңдеген мөңгүнүн мекени. Акыркы 20 жылдын ичинде алар кайра калыбына келбегидей эригенине күбө болуудабыз – Садыр Жапаров

“Мөңгүлөрдүн эриши менен табигый суу запасынын азайышы орду толгус кырсыкка алып келиши мүмкүн”, – деп билдирди президент Садыр Жапаров The Independent британ басылмасына берген эксклюзивдүү маегинде. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы жазат. Мамлекет башчысы өзүнүн интервьюсунда климаттын өзгөрүшүнүн тоолуу мамлекеттердин элдерине тийгизген катуу таасири көп учурларда көз жаздымда калып жатканын айтты.

Түндүк-Түштүк жолунун үчүнчү бөлүгүн быйыл бүтүрүү пландалууда

Түндүк-Түштүк жолунун үчүнчү бөлүгүн быйыл бүтүрүү пландалууда

Түндүк-Түштүк жолунун 3-бөлүгүндөгү куруу иштери кызуу жүрүп жатат. Бул бөлүккө караштуу бүт тилкеге асфальт-бетон төшөлүп, быйылкы жылдын аягына чейин пайдаланууга берилмекчи. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Учурда «Түндүк-Түштүк альтернативалык жолун реконструкциялоо, III фаза, 159-183-чакырымдары (Дыйкан – Кызыл-Жылдыз)» долбоорунун алкагында 13 чакырымдык

Кыргызстандык 15 спортчу Эл аралык Олимпиада комитетинен айына 500 доллардык стипендия алат

Кыргызстандык 15 спортчу Эл аралык Олимпиада комитетинен айына 500 доллардык стипендия алат

Олимпиадалык спорт түрлөрүнө катышкан 15 алдыңкы кыргызстандык спортчу Эл аралык Олимпиада комитетинен ай сайын стипендия алмакчы. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитети билдирди. КР УОКтун маалыматы боюнча, стипендия 2022-жылдын 1-майынан 2024-жылдын 31-августуна чейин төлөнөт. Спортчулар айына 500 доллардан алышат. «Быйыл КР УОКтун аракети менен спортчулардын тизмеси

Бишкекте эл аралык Expo өнөр жай көргөзмөлөрү ачылды – 200дөн ашык компания катышып жатат

Бишкекте эл аралык Expo өнөр жай көргөзмөлөрү ачылды – 200дөн ашык компания катышып жатат

Бишкекте 200дөн ашык компаниянын катышуусунда «Expo-Russia Kyrgyzstan 2022» жана «Expo Eurasia 2022» биринчи эл аралык өнөр жай көргөзмөлөрү ачылды. Бул тууралуу КР Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматы билдирди. Бул эки көргөзмөнүн максаты – ата мекендик бизнести колдоо, биргелешкен ишканаларды түзүү жана инвестиция тартуу. Көргөзмөдө 15 кыргызстандык жана 50дөн

ККМ колдонгон ишкерлер кардарларга кассалык чек берүүгө милдеттүү - Салык кызматы

ККМ колдонгон ишкерлер кардарларга кассалык чек берүүгө милдеттүү - Салык кызматы

Акыркы жумада салык органдарына айрым соода түйүндөрүндө сатып алуу же көрсөтүлгөн кызмат үчүн кассалык чек берилбей жатканына жарандардан даттануулар түшө баштады. Алардын айтымында, кассалык машиналарды колдонуу милдети жокко чыгарылды деп, кассалык чек берүүнү токтотушкан. Буга байланыштуу Салык кызматы контролдук-кассалык машиналарды колдонуу жокко чыгарыла электигин жана аларды колдонууга милдеттүү болгон

Коммерциялык банктарга пайызсыз кредиттер үчүн 613 млн сом бөлүнгөн – анын 391 млн сому гана өздөштүрүлгөн

Коммерциялык банктарга пайызсыз кредиттер үчүн 613 млн сом бөлүнгөн – анын 391 млн сому гана өздөштүрүлгөн

Финансы министрлиги коммерциялык банктарга быйылкы жылдын 10-июнуна карата 613 млн сом которгон, банктар анын 391 млн сомун гана кредиттерге берген. Бул тууралуу “Микро, чакан жана орто ишканаларды тез арада колдоо” долбоорунун алкагында өткөн тегерек столдо белгилүү болду. Коммерциялык банктар жүгүртүү капиталы, эмгек акысы, жеткирүүчүлөрдүн эсеп-фактуралары, ижара акысы, коммуналдык

Отун-энергетикалык комплекс боюнча комитеттин депутаттары Жалал-Абад облусундагы тоо-кен ишканаларына барышты

Отун-энергетикалык комплекс боюнча комитеттин депутаттары Жалал-Абад облусундагы тоо-кен ишканаларына барышты

20-июнда эл өкүлдөрү Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда жайгашкан Жамгыр алтын кенине жана Куру-Тегерек кенине барышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет. КР Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитети 2022-жылдын 19-20-21-июнунда тоо-кен тармагында

Туристтер үчүн «Ысык-Көл» аэропортунан Чолпон-Ата жана Балыкчыга автобустар каттай баштады

Туристтер үчүн «Ысык-Көл» аэропортунан Чолпон-Ата жана Балыкчыга автобустар каттай баштады

Туристтердин ыңгайлуулугу үчүн “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан (Тамчы) Чолпон-Ата жана Балыкчы шаарларына аймактар аралык автобус каттамдары ачылды. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Башкармалык ошондой эле Ысык-Көл облусу боюнча чет өлкөлөрдөн келген туристтерге ыңгайлуулук түзүү максатында облустун калктуу конуштарын Бишкек шаары жана Чүй облусунун башка

ЕЭК Кеңеши кумшекерди импорттоого бажы алымдарын алып салуу мөөнөтүн 31-октябрга чейин узартты

ЕЭК Кеңеши кумшекерди импорттоого бажы алымдарын алып салуу мөөнөтүн 31-октябрга чейин узартты

Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши Кыргызстандын территориясына ак кумшекер жана чийки шекер ташып келүү үчүн бажы алымдарын жок кылуу мөөнөтүн 31-октябрга чейин узартты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, 21-июнда Минск шаарында ЕЭК Кеңешинин кезексиз жыйыны өттү. «Кеңешменин жыйынтыгы боюнча айыл чарба техникасынын айрым түрлөрүнө

Ош шаарынын мэриясы өз ипотекалык программасын ишке киргизди – бир үй бүттү, дагы экөө курулуп жатат

Ош шаарынын мэриясы өз ипотекалык программасын ишке киргизди – бир үй бүттү, дагы экөө курулуп жатат

Ош шаарынын мэриясы өзүнүн ипотекалык программасын ишке киргизип, анын алкагында Достук кичирайонунда биринчи көп кабаттуу үйдү жашоочуларга тапшырды. Бул тууралуу “Азаттык” кабарлады. Демилге Мамлекеттик ипотекалык компаниядан бөлөк ишке ашырылганы белгиленген. Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун айтымында, 90 батирлүү үйдүн курулушуна бир жыл гана убакыт кеткен. Батирлер толугу менен жашоого даяр,