«Газпром-Кыргызстан» мектебин Россияга өткөрүп берүүнү көздөшүүдө, Бишкек мэриясы аны күтүүгө алы жетпейт
Министрлер кабинети Бишкектеги «Газпром-Кыргызстан» мектебин бекер пайдаланууга берүүнү көздөөдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдиргенин 24.kg жазып чыкты. Анын айтымында, Кыргызстан менен Россия билим берүү тармагында кызматташуу боюнча келишимге кол коюу ниетинде турушат. «Мектеп чоң,