акыркы жаңылыктар

Президент Ысык-Көлдүн эс алуучу жайларынын ээлерин тапкан каражатын саркынды суу тазалоочу жай салууга үндөдү

Президент Ысык-Көлдүн эс алуучу жайларынын ээлерин тапкан каражатын саркынды суу тазалоочу жай салууга үндөдү

Президент садыр Жапаров Ысык-Көлдүн эс алуучу жайларынын ээлерин тапкан каражатын саркынды суу тазалоочу жай салууга чакырды. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасында билдирди. Президент кечээ дагы бир Жарлыкка кол койгонун айтты. «Алдын ала эскертип коеюн, 2023-жылдын 1-январынан тартып, Ысык-Көлдүн айлана-тегерегиндеги пансионаттардын, эс алуучу жайлардын саркынды

Жогорку Кеңеште кенден чыккан алтынга 30% мамлекеттин үлүшүн киргизүү боюнча мыйзам долбоору каралды

Жогорку Кеңеште кенден чыккан алтынга 30% мамлекеттин үлүшүн киргизүү боюнча мыйзам долбоору каралды

Бүгүн, 27-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргызстандын аймагындагы кенден чыккан алтындын 30%на мамлекеттин үлүшүн киргизүү боюнча мыйзам долбоору каралды. Жыйында баяндама жасаган Марлен Маматалиевдин айтымында, кен иштеткен компаниялар салык төлөшөт, фонддорду түзүшөт, соцжардамдарды беришет, бирок мамлекетке алтын калбай жатат. «Биринчиси, аукцион өтөбү, конкурс өтөбү, алтындын 30% Кыргызстанга калсын деп

«Чакан ГЭС» ААК гидроэлектростанцияларды модернизациялоого ЕРӨБдөн 18.5 млн евро алат

«Чакан ГЭС» ААК гидроэлектростанцияларды модернизациялоого ЕРӨБдөн 18.5 млн евро алат

«Чакан ГЭС» ААК Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) менен алдын ала каржылоого макулдашты. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Долбоордун алкагында «Чакан ГЭС» ААК курамындагы гидроэлектростанцияларды: Лебединовка ГЭСи, ГЭС-1, ГЭС-2 жана кичи Аламедин ГЭСин модернизациялоо макулдашылган. Ошону менен бирге, макулдашуунун алкагында техникалык-экономикалык негиздеме түзүү каралган. «Долбоорго

Токтогул ГЭСиндеги төртүнчү гидроагрегат август айында ишке кирет

Токтогул ГЭСиндеги төртүнчү гидроагрегат август айында ишке кирет

Токтогул ГЭСиндеги төртүнчү гидроагрегат август айында ишке кирет. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Тилек Айталиев парламентте өткөн жыйында билдиргенин ЖКнын басма сөз кызматы кабарлады. Жыйында Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Кундузбек Сулайманов ГЭСти ишке

ЖК КР Тышкы иштер министри кызматына Жээнбек Кулубаевди дайындоого макулдук берди

ЖК КР Тышкы иштер министри кызматына Жээнбек Кулубаевди дайындоого макулдук берди

Жогорку Кеңеш бүгүн, 27-апрелдеги жыйынында Тышкы иштер министри кызматына Жээнбек Кулубаевди дайындоого макулдук берүү чечимин кабыл алды. Кулубаевдин талапкерлигин 71 депутат бир добуштан колдоду.  Талкууда депуаттар Жүк-200дү жеткирүүнү жеңилдетүү, «кара тизмедеги» мигранттар, авиакаттамдар, инвестиция тартуу жана чек арага байланыштуу маселелерди көтөрүштү. Белгилей кетсек, 59 жаштагы Жээнбек Кулубаев 2021-

Ысык-Көлдөгү пансионаттардын, эс алуу үйлөрүнүн тазалоочу курулмалары болбосо иштөөгө тыюу салынат

Ысык-Көлдөгү пансионаттардын, эс алуу үйлөрүнүн тазалоочу курулмалары болбосо иштөөгө тыюу салынат

Президент Садыр Жапаров «Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады. Биосфералык зонанын экологиялык кыйроосун болтурбоо жана Ысык-Көлдү сактоо, ага жанаша жаткан аймакты натыйжалуу пайдалануу жана башкаруу, шарттарды түзүү жана Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык жана туристтик инфратүзүмүн өнүктүрүүнү

Бакыт Шаршеев кайрадан «Манас» эл аралык аэропортунун» башкы директору болуп шайланды

Бакыт Шаршеев кайрадан «Манас» эл аралык аэропортунун» башкы директору болуп шайланды

Бүгүн, 26-апрелде «Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын (Кыргызстандагы бардык аэропорттордун оператору, мамлекеттин үлүшү 79%ды түзөт) директорлор кеңеши компаниянын башкармалыгынын курамын шайлады. Бул тууралуу «МАМдын» басма сөз кызматы билдирди. Башкармалыктын төрагасы – башкы директор болуп кайрадан Бакыт Шаршеев шайланды. Эске салсак, ал бул кызматка 2021-жылдын февралында дайындалган. Ошондой эле

Жашыл климат фонду Кыргызстанга жайыттарды жана токойлорду калыбына келтирүүгө дээрлик 30 млн доллар бөлөт

Жашыл климат фонду Кыргызстанга жайыттарды жана токойлорду калыбына келтирүүгө дээрлик 30 млн доллар бөлөт

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында «КРда токойлорго жана жайыттарга климаттык инвестициялар аркылуу көмүртекти секвестрациялоо (CS-FOR)» долбоорун ишке ашыруу жөнүндөгү долбоордук макулдашууну ратификациялоо маселеси каралып, жактырылды. Жыйында баяндама жасаган Айыл чарба министринин орун басары Нурлан Шерипов белгилегендей, аталган долбоордук макулдашууга токойлорго жана жайыт жерлерине

Соода жана кызмат түйүндөрү кандай ККМди колдонуш керек? – бир катар ченемдер иштелип чыкты

Соода жана кызмат түйүндөрү кандай ККМди колдонуш керек? – бир катар ченемдер иштелип чыкты

Министрлер кабинетинин токтому менен контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) колдонуу боюнча бир катар ченемдер кабыл алынганын МСКнын маалымат кызматы кабарлады. Министрлер Кабинетинин токтомун ишке ашыруунун алкагында Салык кызматынын маалыматтык системасында катталган ККМдер 2022-жылдын 1-январынан тартып, техникалык талаптарды сактоо жол-жобосунан өтпөстөн субъекттер тарабынан колдонулууга жатат. Мында аппараттык ККМдин маалыматтары

Кыргызстан боюнча 3D саякатты 6 млн адам көрдү

Кыргызстан боюнча 3D саякатты 6 млн адам көрдү

Маданият министрлигинин сайтынын атайын бөлүмүндөгү Кыргызстан боюнча 3D саякатты 6 млн адам көргөн. Бул тууралуу Туризм департаментинин директору Самат Шатманов билдирди. Ал буга чейин Кыргызстан боюнча виртуалдык 3D тур боюнча долбоор башталганын билдирди. «www.map.tourism.gov.kg сайтында онлайн режиминде өлкөбүздүн ар кайсы жерлерине баруу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Иштеп баштагандан

31-майга чейин бардык соода түйүндөрүндө POS-терминалдар орнотулушу керек – болбосо, 5000 сомго чейин айып пул салынат

31-майга чейин бардык соода түйүндөрүндө POS-терминалдар орнотулушу керек – болбосо, 5000 сомго чейин айып пул салынат

Соода жана тейлөө ишканаларынын өкүлдөрү 31-майга чейин банктын төлөм карталарын же электрондук акчалай төлөмдөрүн кабыл алуу үчүн керектүү жабдууларды орнотушу керек. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди. Ошондой эле аталган мекеме эгерде соода түйүндөрүндө POS-терминал жок болсо, жеке жактарга 1000 сом, юридикалык

Улуттук банк микрофинансылык уюмдардын бирине 55 миң сомдук айып пул салды

Улуттук банк микрофинансылык уюмдардын бирине 55 миң сомдук айып пул салды

Улуттук банк микрофинансылык уюмдардын бирине 55 миң сом өлчөмүндө айып пул салды. Бул тууралуу регулятордун маалымат кызматы билдирди. «КРнын мыйзамдарынын жана КРнын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын, анын ичинде МФУ тарабынан бир эле жакка же ага байланыштуу адамдардын тобуна берилүүчү каржылоонун максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү боюнча талаптарды бузгандыгы үчүн