Бакыт Шаршеев кайрадан «Манас» эл аралык аэропортунун» башкы директору болуп шайланды

Бакыт Шаршеев кайрадан «Манас» эл аралык аэропортунун» башкы директору болуп шайланды

Бүгүн, 26-апрелде «Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын (Кыргызстандагы бардык аэропорттордун оператору, мамлекеттин үлүшү 79%ды түзөт) директорлор кеңеши компаниянын башкармалыгынын курамын шайлады. Бул тууралуу «МАМдын» басма сөз кызматы билдирди.

Башкармалыктын төрагасы – башкы директор болуп кайрадан Бакыт Шаршеев шайланды. Эске салсак, ал бул кызматка 2021-жылдын февралында дайындалган.

Ошондой эле Адилет Малдыбаев, Абдумалик Бусурманкулов, Данияр Кысанов жана Бахтияр Турсунбаев кеңештин мүчөлөрү болуп шайланды.

Белгилей кетсек, жакында эле Адилет Малдыбаев «Манас» аэропортунун жетекчисинин жаңы орун басары болуп дайындалган эле.

Мындан тышкары окуңуз

BAKAI Travel менен саякаттап, 20%га чейин кешбэкти акчалай алыңыз

BAKAI Travel менен саякаттап, 20%га чейин кешбэкти акчалай алыңыз

Саякатка чыгууну пландап жатасызбы? Эми саякатка кеткен чыгымдарыңыздын бир бөлүгүн картаңызга кайтарып алсаңыз болот. BAKAI Travel жаңы акция баштады. Анын алкагында 20%га чейин кешбэк акчалай берилет: BAKAI мобилдик банкы аркылуу авиабилет сатып алсаңыз — 10%, ал эми мейманкана брондосоңуз — дагы 10% кешбэк аласыз. Авиабилет менен мейманкананы чогуу алуу шарт эмес.

Лейлек райондук прокуратурасы 40,1 миллион сомго курулат

Лейлек райондук прокуратурасы 40,1 миллион сомго курулат

Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгы Баткен облусунун Раззаков шаарында Лейлек районунун прокуратурасы үчүн административдик имарат курууга тендер жарыялады. Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка ылайык, тендер сунуштарды стандарттуу баалоо ыкма аркылуу өткөрүлүүдө.  Курулуштун болжолдуу баасы 40 150 662 сомду түзөт. Сунуштар 14-сентябрга чейин кабыл алынат. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары

Дарыгерлер үчүн 50 орунга ылайыкталган эс алуу жайы салына баштады

Дарыгерлер үчүн 50 орунга ылайыкталган эс алуу жайы салына баштады

Ысык-Көлдө дарыгерлерге ден соолугун чыңдоосу үчүн жаңы эс алуу корпусу курула башталды. Бул тууралуу Кесиптик бирликтер федерациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, мезгил кутучасын салуу аземине Саламаттык сактоо министринин орун басары Гулбара Ишенапысова, Кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Мурадил Жумадилде уулу жана Саламаттык сактоо кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрагасы Каарманбек Байдавлетов катышты. Жаңы

Ызар айылында өрттөн зыянга учураган үй үчүн 45 миң 728 сом берилди

Ызар айылында өрттөн зыянга учураган үй үчүн 45 миң 728 сом берилди

Ала-Бука районунда өрт кырсыгынан турак жайы зыянга учураган жаранга мамлекеттик камсыздандыруу боюнча кенемте төлөндү. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 21-июлда Ызар айылынын тургуну Жолборс Назаралиевдин үйүндө өрт чыккан. Алардын турак жайы алдын ала табигый кырсыктардан камсыздандырылгандыктан, Мамлекеттик камсыздандыруу уюму үй ээсине 45 миң 728 сом