Ысык-Көлдөгү пансионаттардын, эс алуу үйлөрүнүн тазалоочу курулмалары болбосо иштөөгө тыюу салынат

Ысык-Көлдөгү пансионаттардын, эс алуу үйлөрүнүн тазалоочу курулмалары болбосо иштөөгө тыюу салынат

Президент Садыр Жапаров «Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Биосфералык зонанын экологиялык кыйроосун болтурбоо жана Ысык-Көлдү сактоо, ага жанаша жаткан аймакты натыйжалуу пайдалануу жана башкаруу, шарттарды түзүү жана Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык жана туристтик инфратүзүмүн өнүктүрүүнү контролдоону камсыз кылуу максатында токтом кабыл алынды.

2023-жылдын 1-январынан тартып төмөнкүлөргө тыюу салынат:

  • Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык зонасында менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыгына карабастан инженердик коммуникациялар жана курулмалар (суу алуучу, суу түтүгү, канализация тармагы, канализациялык насостук станция жана тазалоочу курулмалар) менен камсыз болбогон санаторийлердин, пансионаттардын, эс алуу үйлөрүнүн, коттедждик поселоктордун, конок үйлөрүнүн, мейманканалардын жана башка рекреация объекттеринин иштөөсүнө;
  • кезектеги курорттук сезонго суу түтүгү, канализация системалары жана тазалоочу курулмалар менен камсыздалбаган санаторийлерге, пансионаттарга, эс алуу үйлөрүнө, коттедждик поселокторго, конок үйлөрүнө, мейманканаларга жана башка рекреация объекттерине иштөөгө даярдыгы жөнүндө паспорт берүүгө.
  • Жарлыктын 1-пунктунун аткарылышы үчүн жоопкерчилик КРнын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине, КРнын президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө, Ысык-Көл облусунун райондук мамлекеттик администрацияларынын башчыларына жана Балыкчы, Каракол жана Чолпон-Ата шаарларынын мэрлерине жүктөлдү

2023-жылдын 1-июнуна чейин Министрлер кабинетине төмөнкүлөрдү камсыз кылуу тапшырмасы берилди:

  • Балыкчы, Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында тазалоочу курулмаларды курууну жана реконструкциялоону;
  • Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында таштандыны кайра иштетүүчү заводду курууну;
  • 2023-жылга республикалык бюджеттин долбоорун түзүүдө ушул Жарлыкты ишке ашырууга бюджеттик каражаттардын бөлүнүшүн караштырсын.

Программанын максаты – Ысык-Көлдү коргоо жана Ысык-Көлдүн биосфералык зонасын адам ишинин, техногендүү жана табигый факторлордун натыйжасында жаратылыш чөйрөсүнө тийген терс таасиринен сактоо.

Программанын милдеттери:

– Ысык-Көлдүн биосфералык зонасынын суу объекттерине булгоочу заттарды чыгарууну кыскартуу;

– өнөр жай жана тиричилик калдыктары менен булгануу деңгээлин төмөндөтүү, ошондой эле абдан булганган аймактарды калыбына келтирүүнү камсыз кылуу;

– Ысык-Көлдүн биосфералык зонасынын курорттук-рекреациялык потенциалын натыйжалуу пайдаланууну жогорулатуу;

– Ысык-Көлдүн биосфералык зонасынын биологиялык ресурстарын сактоо жана кайра өндүрүү;

– Ысык-Көлдүн экологиялык системасына мамлекеттик экологиялык мониторинг жүргүзүүнү өнүктүрүү;

– Ысык-Көлдүн жээктерин, Ысык-Көлдүн биосфералык зонасынын дарыяларын жана башка көлмөлөрүн коргоо системасын өнүктүрүү.

«Азыркы учурда Ысык-Көлдүн курорттук-рекреациялык зонасынын аймагында жагымсыз экологиялык кырдаал түзүлүүдө, ал көл комплексинин рекреациялык баалуулугунун төмөндөшүнө алып келди жана болуп жаткан терс тенденциялар сакталган учурда кайтарылгыс экологиялык жана экономикалык жоготууларга алып келиши мүмкүн.

Көлдү жана Ысык-Көлдүн аймагын булгоонун негизги булактарынын бири Ысык-Көлгө куюучу дарыялардын жээгиндеги зоналарда жана жээктеринде жайгашкан шаарлар жана калктуу конуштар болуп саналары белгиленет. Тургундар, уюмдар, ишканалар саркынды сууларды жана калдыктарды дарыяларга, ошондой эле айрым жерлерде түздөн-түз көлгө агызууда, анткени тазалоочу курулмалар же таптакыр жок, эгер бар болсо, тазалоо сапаты белгиленген талаптарга жооп бербейт. Натыйжада көлгө органикалык жана химиялык кошулмаларды камтыган кооптуу булганган саркынды суулардын олуттуу көлөмү кошулуп жатат.

Ысык-Көлдүн тазалыгына түздөн-түз жээктеги зонада жайгашкан жана иштеген жана ишенимдүү тазалоочу курулмалар менен жабдылбаган жүздөгөн пансионаттар жана эс алуу үйлөрү олуттуу терс таасирин тийгизүүдө.

Көлдүн сууну коргоо зонасында жер участоктору рекреациялык гана эмес, чарбалык максаттарда да активдүү өздөштүрүлүүдө. Көлдүн жээгин жеке пансионаттар, эс алуу үйлөрү, коттедждик поселоктор, конок үйлөр, мейманканалар жана башка объекттер тарабынан иш жүзүндө ээлеп алып, курулуш жүргүзүлүп жатат, Ысык-Көлдүн суусунан 500 жана 100 метр жакын аралыкта рекреация объекттеринен башка объекттерди курууга, пайдаланууга жана корголуучу ландшафттардын зонасына бардык түрдөгү объекттерди жайгаштырууга тыюу салуу одоно бузулган.

Көптөгөн жеке пансионаттар, эс алуу үйлөрү, мейманканалар жана башка объекттер канализация системалары жана тазалоочу курулмалар менен камсыз кылынган эмес, бул рекреациялык региондун олуттуу көйгөйү болуп саналат. Жылдан жылга республикалык жана жергиликтүү бийлик органдары аталган рекреация объекттерине сезонго уруксат бербөө жөнүндө чечимди кабыл алат, бирок жыйынтыгында алар иштеп, киреше табууну улантууда.

Балыкчы, Каракол, Чолпон-Ата шаарларындагы канализация жана саркынды сууларды тазалоо курулмалары көп жылдык эксплуатациялоонун жана реконструкциялоо, капиталдык оңдоо иштеринин өз убагында жүргүзүлбөгөндүгүнүн натыйжасында жараксыз болуп калган, өзүнүн функциясын аткарбай, агындыларды механикалык тазалоону гана жүргүзөт. Мунун бардыгы Ысык-Көлдүн сууну коргоо зонасы үчүн кошумча экологиялык тобокелдиктерди жаратат», – деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек мэри Фучик көчөсүндөгү жайма базардагы соодагерлерге эскертүү берди

Бишкек мэри Фучик көчөсүндөгү жайма базардагы соодагерлерге эскертүү берди

Бишкек шаарынын мэри бүгүн ордо калаанын Фучик көчөсүндөгү жайма базардагы жагдай менен жеринен таанышып келди. Айбек Жунушалиев базарды кыдырып, андагы баш аламан соодага назарын бөлүп, соодагерлер менен баарлашты. Жайма базарга баруунун жүрүшүндө шаар башчы, базарда соода кылгандарга соода жүргүзүүдө эрежелерди так сактап, жашыл аймакты тебелейбей, эл басуучу жолду жаппай, тартипти

Бишкекте өткөн ишембиликте 230 тоннадан ашык таштанды чыгарылды

Бишкекте өткөн ишембиликте 230 тоннадан ашык таштанды чыгарылды

25-апрелде өткөн жалпы шаардык ишембиликке 36 миңден ашык шаар тургуну катышты. Биргелешкен аракеттердин натыйжасында 230 тоннадан ашык таштанды жыйналып, ошондой эле 48 чакырымдан ашуун ирригациялык тармактар тазаланды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалымтка карганда, санитардык тазалоо иштери короолордо, парктарда, скверлерде жана социалдык объекттердин айланасын камтыды. Айрыкча ирригациялык

Ошто 34 млн 400 миң сомго жаңы жол курулду

Ошто 34 млн 400 миң сомго жаңы жол курулду

Бүгүн 26-апрелде  Ош шаарында Х.Абдуллаев көчөсүнүн оңдолгон бөлүгү пайдаланууга берилди. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чарага Ош шарынын мэри Жанарбек Акаев жана шаар тргундары катышты. Жүргүзүлгөн иштерди натыйжасында жол толугу менен жаңыланып, жөө жүргүнчүлөр жана айдоочулар үчүн ыңгайлуу шарт түзүлдү. Долбоордун жалпы наркы 34

Гумандуулуктун экономикасы: Бишкекте жаныбарларды жок кылуудан баш тартуу канчага турат

Гумандуулуктун экономикасы: Бишкекте жаныбарларды жок кылуудан баш тартуу канчага турат

Жаныбарлар цивилизациянын шериктери болуп саналат. Иттер менен мышыктар илгертен бери адамдар менен бирге жашап келишкен. Коом өнүккөн сайын кээ бир ит-мышыктар үйгө шерик болуп калышса, айрымдары башка тагдырга туш болушкан. Кыргызстанда шаарлар өскөн сайын жолбун жаныбарлардын көйгөйү курчуп баратат. Шаар тургундарынын көбү аларга ырайымсыз мамиле жасалып жатканын жакшы билишет, бирок