Токтогул ГЭСиндеги төртүнчү гидроагрегат август айында ишке кирет

Токтогул ГЭСиндеги төртүнчү гидроагрегат август айында ишке кирет. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Тилек Айталиев парламентте өткөн жыйында билдиргенин ЖКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Жыйында Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Кундузбек Сулайманов ГЭСти ишке киргизүү мөөнөтүнө кызыккан.

«Тилек Айталиев учурда сыноо иштери жүрүп жатканын жана ГЭС 2-августта ишке кирерин билдирди», — деп айтылат маалыматта.

Талкуунун жыйынтыгында комитеттин мүчөлөрү Министрлер кабинетинин күз-кыш мезгилинде керектөөчүлөрдү электр жана жылуулук энергиясы менен камсыз кылуу боюнча ишин канааттандырарлык деп табышты.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Акыркы беш жылда өлкөдө 5,6 миң чакырым жолго асфальт төшөлдү

Нарын районунда 150 орундуу мектептин курулушу 95%га жетти

Кыргызстанда кызмат көрсөтүү тармагынын көлөмү 1,4 трлн сомдон ашты

Өлкөдө эт 17,3%, сүт азыктары 13% кымбаттады

Кыргызстанга Түркмөнбашы эл аралык деңиз портун пайдаланууда жеңилдиктер болору айтылды