Ошто 900 иш орундуу тигүү фабрикасынын курулушу жүрүп жатат
Ошто 900 иш орундуу тигүү фабрикасынын курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Орус-кыргыз өнүктүрүү Фондунун төрагасы Артем Новиков өзүнүн фейсбук баракчасында билдирди. Ал түштүк жергесине болгон иш сапарынын алкагында ондон ашык ишканалардын ишмердүүлүгү менен таанышып чыккан. «Ошто 900дөн ашык жумуш орундарын түзө турган чоң тигүү фабрикасын куруу боюнча иштер жүрүп жатат.