Француз компаниясы Кыргызстанда ири ГЭСтерди курууга кызыкдар

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Électricité de France компаниясынын Россиядагы жана КМШ мамлекеттериндеги өкүлчүлүгүнүн директору Лоран Паганон жана Франциянын КРдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Франсуа Делаус менен жолугушту. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары белгилегендей, КР энергетика тармагындагы, анын ичинде энергиянын кайра жаралуучу булактарын ишке ашыруу долбоорлоруна катышууга кызыкдар инвесторлордун сунуштарына ачык.

«Бизде 142 млрд киловатт-саат электр энергиясын иштеп чыгаруу мүмкүнчүлүгү бар. Биздин артыкчылыктуу багытыбыз – Камбар-Ата-1 ГЭСин, чакан ГЭСтерди, ошондой эле күн жана шамал станцияларын куруу. Биз «жашыл экономика» долбоорлорун өнүктүрүүгө кызыкдарбыз», – деди Бакыт Төрөбаев. 

Алмаз Исанов кошумчалагандай, 2026-жылга чейин КРнын өнүктүрүүнүн улуттук программасында «жашыл», санариптик жана креативдүү экономикаларды өнүктүрүү боюнча негизги багыттар көрсөтүлгөн. Анын айтымында, Министрлер Кабинети «жашыл экономика» тармагындагы долбоорлорду өнүктүрүүгө умтулууда.

Électricité de France өкүлчүлүгүнүн директору Лоран Паганон энергетика тармагындагы долбоорлор боюнча, атап айтканда, ири ГЭСтерди куруу боюнча кызматташууга кызыкдар экендигин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан ары кызматташуу маселелерин иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүү чечимине келишти.

Électricité de France (Электрисите́ де Франс) — француз электр энергетикалык компаниясы. EDF Европада, Түштүк Америкада, Түндүк Америкада, Азияда, Жакынкы Чыгышта жана Африкада 120+ гигаватт кубаттуулуктагы түрдүү портфелди башкарат. 2009-жылы EDF дүйнөдөгү эң ири электр энергиясын өндүрүүчү катары таанылган.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Жайыттар калыбына келтирилип, жолдору оңдолмокчу

Кийинки жылдан тарта кимдердин жөлөкпулдары көтөрүлөт?

Кыргызстанда негизги капиталга инвестициялар 422,9 млрд сомго жетип, 62,9%га өстү

Кара-Балтада экологиялык мыйзам бузуу фактысы аныкталды

Агроөнөр жай тармагындагы 2 074 субъектке 6 млрд сомго жакын жеңилдетилген насыя берилди