Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында «Тазалык» дээрлик 140 млн сомду мыйзамсыз жок кылганы аныкталган

Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында «Тазалык» дээрлик 140 млн сомду мыйзамсыз жок кылганы аныкталган

Акыркы жылдары «Тазалык» муниципалдык ишканасы дээрлик 140 млн сомдук мамлекетке каржылык зыян келтирген. Бул тууралуу «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин митинги боюнча борбор калаанын мэриясы билдирди.

Белгилей кетсек, «Тазалык» МИнин айрым кызматкерлери шаардык кызматтын мурдагы жетекчисин кайра дайындоо талабы менен митингге чыгышкан.

Бирок, мурунку жетекчиликтин 2019-2020-жылдар аралыгындагы ишинин жүрүшүндө КРнын Эсеп палатасы жана Бишкек шаарынын мэриясынын Ички аудит башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн аудитордук  текшерүүлөрдүн жыйынтыгында мыйзам бузуулар аныкталган.

«Эсеп палатасынын текшерүүсүнүн жыйынтыгында абоненттер менен иштөөдө мыйзам бузуулар аныкталган – 7.3 млн сомдук зыян келтирилген. Ошондой эле, бекитилген сметада каралбаган тейлөө кызматкерлерине кошумча төлөмдөр боюнча 42.3 млн сомдук мыйзам бузуулар аныкталган. КРнын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамынын талаптарын бузулгандыктан дал келбеген сумма 35.3 млн сомду түзгөн.

Мындан тышкары, Бишкек шаарынын мэриясынын Ички аудит башкармалыгы тарабынан «Тазалык» МИнин 2019-2020-жылдар аралыгындагы финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүнө аудит жүргүзүлгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча 54.8 млн сомдук мыйзам бузуулар аныкталган», – деп айтылат мэриянын берген маалыматында.

Анын ичинде:

  • 25 793 900 сом – келишимдерди негизсиз түзүү, жасалма өткөрүлгөн конкурс, аванстык төлөмдөр жана башкалар
  • 15 707 000 сом – муниципалдык заказдын эсебинен негизсиз сый акы акы төлөө
  • 6 101 800 сом – күйүүчү-майлоочу материалдарды негизсиз эсептен чыгаруу
  • 4 558 400 сом – негизсиз орнотулган жана иштен чыгарылган тетиктер
  • 1 227 900 сом – товардык-материалдык баалуулуктардын жетишсиздиги
  • 455 000 сом – каражаттарды негизсиз эсептен чыгаруу.

Бул текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча материалдар юридикалык баа берүү жана зарыл чараларды көрүү үчүн тиешелүү укук коргоо органдарына жөнөтүлдү.

Ошондой эле борбор калаанын мэриясы «Тазалык» муниципалдык  ишканасынын кызматкерлерин кызматтык милдеттерин аткарууга жана чагымчылдыкка алдырбоого чакырат.

Мындан тышкары окуңуз

Нарында 18 электр унаасын кубаттоочу станция иштеп жатат

Нарында 18 электр унаасын кубаттоочу станция иштеп жатат

Нарын облусунда электр унааларын колдонууга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында 18 электр унаасын кубаттоочу станция иштеп жатат. Нарын электр тармактар ишканасынын маалыматына караганда, кубаттоочу станцияларды “Кыргызстан улуттук электр тармагы” облус аймагындагы электр унаа ээлеринин керектөөсүн камсыз кылып, экологиялык жактан таза транспорт түрүн өнүктүрүүгө жана электр энергиясын натыйжалуу пайдаланууга шарт түзүүдө. Электр

Чүй дарыясынын жээктерин бекемдөө иштери күчөтүлдү

Чүй дарыясынын жээктерин бекемдөө иштери күчөтүлдү

Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй региондук башкармалыгы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү менен биргеликте Чүй дарыясындагы жээктерди бекемдөө иштерине көзөмөл жүргүзүүдө. Ведомствонун маалыматына ылайык, көзөмөлдүн негизги максаты — сел жана суу ташкындарынын алдын алуу, дарыя жээктеринин жуулуп кетишине жана жер көчкү коркунучуна жол бербөө. Ошондой эле дарыянын нугунун

Кочкордун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Кочкордун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Кочкор районунун прокуратурасы тарабынан жер мунапысын ишке ашыруунун алкагында, мыйзам талаптарынын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2023-жылы Кочкор районунун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери Ак-Кыя айылынын тургундары М.О. жана М.С. аттуу жарандарга турак жай куруу үчүн 0,7 га

Кыргызстан менен Словения инвестициялык кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Словения инвестициялык кызматташтыкты талкуулады

27-августта Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте Словениянын RIKO компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушууда словениялык тарапка Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүгү, экономиканын артыкчылыктуу багыттары жана эл аралык өнөктөштүк үчүн келечектүү инвестициялык долбоорлор тууралуу маалымат берилди. "Биз келечектүү демилгелерди ишке ашырууга жана