Машиненин айнегин караңгылатуу 80-120 миң сом болот – Экономика министрлиги токтом долбоорун иштеп чыкты

Машиненин айнегин караңгылатуу 80-120 миң сом болот – Экономика министрлиги токтом долбоорун иштеп чыкты

Экономика министрлиги «Автотранспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин караңгылатуу үчүн жыйымды төлөө жана уруксатты каттоо тартибин бекитүү тууралуу» Министрлер кабинетинин токтомунун долбоорун иштеп чыкты. Токтом долбоору коомдук талкууга чыкты.

Иштелип чыккан жобого ылайык, караңгылатуу үчүн жылына 80 миң сомдон 120 миң сомго чейин акы алуу сунушталууда:

  • жеке жак – резиденттер үчүн 800 (80 000 сом) эсептик көрсөткүч
  • юридикалык жактар үчүн – 1000 (100 000 сом) эсептик көрсөткүч
  • резидент эместер үчүн – 1200 (120 000 сом) эсептик көрсөткүч.
  • Транспорт каражатынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксатты каттоо үчүн арыз ээси түздөн-түз ыйгарым укуктуу органга же Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу кайрылууга тийиш
  • Транспорт каражатынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксатты алуу үчүн акы накталай акча берүү же КРнын банктык мекемелери аркылуу ыйгарым укуктуу органдын эсебине акча которуу жолу менен төлөнөт
  • Транспорт каражатынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксатты каттоо акы төлөө негизинде, жыйым төлөнгөндөн кийин гана ыйгарым укуктуу орган тарабынан ишке ашырылат
  • М-1 категориясындагы транспорт каражаттарына уруксат берилет, бирок жүргүнчүлөрдү ташууну ишке ашырган (такси) жеңил автоунаасын кошпогондо
  • Транспорт каражатынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөө боюнча иштерди уруксат катталгандан кийин, транспорт каражатынын ээси өз алдынча же мындай иштерди жүзөгө ашырган ишкердик субъект тарабынан аткарылат
  • Транспорт каражатынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин арыз ээсинин каалоосу боюнча жарык өткөрүүнү чектөөсүз күңүрттөөгө жол берилет.

Күңүртөөгө уруксат берүү боюнча ыйгарым укуктуу орган КРнын Ички иштер министрлигинин «Унаа» мамлекеттик мекемесин аныктоо сунушталды.

Токтом долбооруна Министрлер кабинетинин башчысы кол койсо, 1-июндан тарта күчүнө кирет.

Мындан тышкары окуңуз

Нарында 18 электр унаасын кубаттоочу станция иштеп жатат

Нарында 18 электр унаасын кубаттоочу станция иштеп жатат

Нарын облусунда электр унааларын колдонууга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында 18 электр унаасын кубаттоочу станция иштеп жатат. Нарын электр тармактар ишканасынын маалыматына караганда, кубаттоочу станцияларды “Кыргызстан улуттук электр тармагы” облус аймагындагы электр унаа ээлеринин керектөөсүн камсыз кылып, экологиялык жактан таза транспорт түрүн өнүктүрүүгө жана электр энергиясын натыйжалуу пайдаланууга шарт түзүүдө. Электр

Чүй дарыясынын жээктерин бекемдөө иштери күчөтүлдү

Чүй дарыясынын жээктерин бекемдөө иштери күчөтүлдү

Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй региондук башкармалыгы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү менен биргеликте Чүй дарыясындагы жээктерди бекемдөө иштерине көзөмөл жүргүзүүдө. Ведомствонун маалыматына ылайык, көзөмөлдүн негизги максаты — сел жана суу ташкындарынын алдын алуу, дарыя жээктеринин жуулуп кетишине жана жер көчкү коркунучуна жол бербөө. Ошондой эле дарыянын нугунун

Кочкордун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Кочкордун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Кочкор районунун прокуратурасы тарабынан жер мунапысын ишке ашыруунун алкагында, мыйзам талаптарынын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2023-жылы Кочкор районунун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери Ак-Кыя айылынын тургундары М.О. жана М.С. аттуу жарандарга турак жай куруу үчүн 0,7 га

Кыргызстан менен Словения инвестициялык кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Словения инвестициялык кызматташтыкты талкуулады

27-августта Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте Словениянын RIKO компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушууда словениялык тарапка Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүгү, экономиканын артыкчылыктуу багыттары жана эл аралык өнөктөштүк үчүн келечектүү инвестициялык долбоорлор тууралуу маалымат берилди. "Биз келечектүү демилгелерди ишке ашырууга жана