Бишкек – Минск аба каттамы ачылды
Кечээ, 3-августта Бишкектен AviaTraffic компаниясы тарабынан кезектеги биринчи рейс Минск улуттук аэропортуна конду. Бул тууралуу КРнын Беларус Республикасындагы элчилигинен кабарлашты. Экипажды, авиакомпаниянын жетекчилигин жана жүргүнчүлөрдү учактын тепкичинде Беларустун улуттук салтына ылайык – нан жана туз менен тосуп алышты. Бишкектен Минскке биринчи каттамды AirBus A320 учагы аткарган. Манас аэропортунан (Бишкек) Минск улуттук