Акылбек Жапаров Кумтөрдө канча алтын калганын айтты

Акылбек Жапаров Кумтөрдө канча алтын калганын айтты

Президент Садыр Жапаров кечээ, 4-апрелде, Министрлер кабинети менен «Центерра Голд Инк.» компаниясынын ортосунда «Кумтөр Голд Компани» (КГК) ишканасын башкаруу боюнча пикир келишпестиктерди жөнгө салуу тууралуу келишимге кол коюлганын жарыялады.

Ал эми Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Азаттыкка» берген маегинде эки тараптуу келишимдин чоо-жайын жана кенде болжолдуу өндүрүш менен анын кирешеси тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында буга чейин Кумтөрдөн 410 тонна алтын казылып чыгарылган болсо, «Центерра» компаниясы анын 2 млрд 900 млн долларын таза киреше катары алып, Кыргызстанга болгону 85 млн доллардын тегерегинде гана үлүш берип, андан тышкары салык төлөп келген. 

«Быйыл 20 жылда түшкөн 85 млн доллардын ордуна салыктан тышкары 500 млн доллар таза киреше алууну пландап жатабыз. Кумтөр эми 100% бизге өттү. Кен турган-турпаты менен, анын ичиндеги бардык техникасы менен 1 млрд 300 млн доллар деп бааланат, рынок баасы 3 млрд доллар болот. Канадалыктар арбитраждык сотко 5 млрд доллар турат деп даттанып, кенемте катары ушул сумманы талап кылышкан», – дейт Жапаров.

Азыр кенде канадалыктардын геологиялык чалгындоосу менен бекитилген 169 тонна алтындын запасы турат.

«Жакында Жогорку Кеңеш менен мыйзам кабыл алып, калдык сактоочу жай деп коёбуз, ал жерде 105 тонна алтыныбыз бар. Жакын арада 48% казып ала турган технологияны иштетебиз. Жалпысынан 200-210 тонна алтыны менен кен бизге өттү. Биздин геологдор да айтып жатат, өзүм да китептерден окуп чыкканым боюнча бул жерде 400-500 тонна алтын бар», – деди ал. 

Белгилей кетсек, жетишилген келишим башка нерселер менен катар төмөнкү пункттарды камтыйт:

  • КР жана «Кыргызалтын» ААК «Кумтөр» кени үчүн толук жоопкерчиликти алат жана 2021-жылдын 15-майынан кийин кенден алынган кирешени өзүндө калтырат
  • «Центерра» КРнын жаратылыш ресурстарын сактоо жана коргоо үчүн 50 млн АКШ долларын төлөйт
  • «Центерра» «Кыргызалтынга» 11.1 млн АКШ доллары өлчөмүндө кошумча акчалай төлөм жүргүзөт
  • Мындан тышкары, рекультивациялоо фондуна 53 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү көзөмөл КРга кайтарылып берилет
  • «Кыргызалтын» менен «Центерра» акцияларын алмаштырса, «Кыргызалтын» «Центеррадагы» акцияларын кайтарып, КГКнын 100% акциясын алат
  • Келишим ошондой эле, тараптардын өз ара талаптарын толугу менен жана биротоло алып салууну, жоопкерчиликти тааныбастан бардык юрисдикцияларда тараптардын катышуусундагы бардык соттук териштирүүнү токтотууну карайт.

Келишим КР Министрлер Кабинети жана Жогорку Кеңеш тарабынан алдын ала жактырылган. Министрлер кабинети, «Центерра» жана «Кыргызалтын» ААК келишимге кол коюлгандан кийин 90 күндөн кечиктирбестен жабылат деп күтүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Бүгүн президент Садыр Жапаров Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Мамлекет башчысы маараке өткөн тарыхты эскерүү менен гана чектелбестен, келечекке жаңы максаттарды коюуга түрткү бериши керектигин белгиледи. Президенттин айтымында, Чүй облусу өлкөнүн социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий өнүгүүсүндө өзгөчө орунду ээлейт. Аймак мамлекеттүүлүктүн калыптанышында, азык-түлүк

Ишкер Media
Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациядан билдиришти. Салиев бажы органдарындагы кызматын 2003-жылдын майында баштаган. 2025-жылдын 19-февралында Министрлер кабинетинин тескемеси менен Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалган. 2026-жылдын май айында ага "Бажы кызматынын генерал-майору&

Ишкер Media
50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

Аламүдүн районунда телефон сатуудагы алдамчылыкка шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 1-октябрда Ж.Э. аттуу жаран милицияга кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адам ишенимине кирип, 50 миң сомго iPhone 17 Pro Max саткан, бирок кийин ал жасалма

Ишкер Media
Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге текшерүүгө тыюу салуу боюнча президенттин жарлыгына киргизилген өзгөртүүлөрдүн маңызы түшүндүрүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, 9-октябрда Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Бишкек жана Чүй боюнча инспекторлору борбордогу коомдук тамактануу жайларында, ветеринардык дарыканаларда жана эт сатуу түйүндөрүндө мониторинг жүргүзүштү. Санитардык абал, ветеринардык документтер жана талаптардын сакталышы текшерилди.

Ишкер Media