акыркы жаңылыктар

Мамматрезервдер фондунан Таласка 15 тонна кумшекер, 10 тонна күн карама майы берилди

Мамматрезервдер фондунан Таласка 15 тонна кумшекер, 10 тонна күн карама майы берилди

Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунун башкы кампасынан 15 тонна кумшекер жана 10 тонна күн карама майы Талас шаарына берилди. Бул тууралуу шаардын мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Берилген маалыматка ылайык, кумшекердин килограммы – 70 сомдон, күн карама майынын литри – 130 сомдон сатылууда. Ал эми аз камсыз болгон, муктаж үй бүлөлөргө өз баасында берилип

Кыргызстандагы дандын запасы 6 айга, Казакстандыкы 2 жылга жетет

Кызыктуу

Кыргызстандагы дандын запасы 6 айга, Казакстандыкы 2 жылга жетет

Кыргызстандын дан запасы 6-7 айга жетет. Бул тууралуу «Перезагрузка – 2022» деген аталыштагы Антикризистик форумда Экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев билдирди. Улуттук статистикалык комитетинин берген маалыматына ылайык, 2021-жылы кылкандуу дан эгиндеринин дүң жыйымы мурдагы жылга салыштырмалуу дээрлик эки эсе кыскарган. 2021-жылдын аягында 577 миң гектар аянттан кылкандуу

«Кумтөр» жылдын аягында 220 млн доллар таза киреше менен чыкты – Акылбек Жапаров

«Кумтөр» жылдын аягында 220 млн доллар таза киреше менен чыкты – Акылбек Жапаров

Тышкы башкаруу киргизилгенден кийин Кумтөрдөн түшкөн киреше төрт эсеге өскөн. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нооруз майрамын белгилөө иш-чарасында сүйлөгөн сөзүндө айтты. Анын айтымында, өткөн жылдын эң маанилүү окуясы «Кумтөр» кенинин кыргыз элине кайтарылышы болгон жана тышкы жардамсыз эле мамлекет кендеги көптөгөн өндүрүштүк линияларды иштетип кете аларына

Улуттук банк теңгенин сомго карата курсуна убактылуу жөнгө салуу киргизди

Улуттук банк теңгенин сомго карата курсуна убактылуу жөнгө салуу киргизди

«КРда экономикалык коопсуздукту камсыздоо жана ички валюта рыногундагы жагдайды турукташтыруу» максатында, КРнын Улуттук банкы теңгенин сомго карата курсуна убактылуу жөнгө салуу киргизди. Бул тууралуу регулятордун маалымат кызматы билдирди. Кабыл алынган токтомго ылайык, КРнын коммерциялык банктары, алмашуу бюролору, микрофинансылык уюмдары, 2022-жылдын 19-мартынан тартып, кыргыз сомуна карата казак теңгесин сатып

Кыргызстан ЕАЭБдин чегинен тышкары буудай, ун, май, кумшекерди, ал эми этти жана жемди бардык өлкөлөргө экспорттоого тыюу салды

Кыргызстан ЕАЭБдин чегинен тышкары буудай, ун, май, кумшекерди, ал эми этти жана жемди бардык өлкөлөргө экспорттоого тыюу салды

Кыргызстандын Министрлер кабинети өлкөдөн азык-түлүк жана айыл чарба өсүмдүктөрүн сыртка ташып чыгууга убактылуу чектөө киргизди. Мындай чечим «өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана алардын базар баасын турукташтыруу максатында» кабыл алынганын Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди. Төмөнкү азык-түлүктүн түрлөрүн экспорттоого алты айлык мөөнөткө тыюу салынат: * Евразия экономикалык

Январь-февраль айларында ички соода 6.3%га өстү

Январь-февраль айларында ички соода 6.3%га өстү

Үстүбүздөгү жылдын январь-февраль айларында Кыргызстанда дүң жана чекене сооданын өсүшү 6.3%ды түздү. Бул аралыкта өлкөнүн ишкерлери 69 млрд 405.8 млн сомго (январь айынын орточо курсу боюнча 820 млн долларга жакын) соода жүргүзүшкөнүн Улутстатком билдирди. Бул мезгилде дүң сооданын көлөмүнүн өскөнү байкалып, ал – 11.4%га жеткен.

Рынокторду ачып, тоскоолдуктарды алып жана россиялык банктарга альтернатива издөө керек – Ишенбаев кризистен чыгуу жолдорун айтат

Бизнес маек

Рынокторду ачып, тоскоолдуктарды алып жана россиялык банктарга альтернатива издөө керек – Ишенбаев кризистен чыгуу жолдорун айтат

Бийлик тез аранын ичинде Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, базарларды ачып, ишкерлердин эркин соода жүгүртүүсүнө жол бериши керек. Бул тууралуу «Бай-Түшүм» банкынын башкармалыгынын төрагасы Максат Ишенбаев Бишкекте «Перезагрузка – 2022» деген аталыштагы Антикризистик форумда билдирди. «Алгачкы алты айда мурдагыдай киреше болбосу анык – азыр аман калуунун жолун издеш керек. Ошондуктан

Москвада кыргыз тараптын төрагалыгы астында ЕЭКтин жыйыны өттү – кандай чечимдер болду?

Москвада кыргыз тараптын төрагалыгы астында ЕЭКтин жыйыны өттү – кандай чечимдер болду?

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошевдин төрагалыгы астында Москва шаарында (Россия Федерациясы) Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңешинин кезектеги жыйыны өттү.  Жыйында 30 жакын маселе каралды. ЕЭК Евразиялык Экономикалык Биримдикке мүчө мамлекеттердин экономикасынын ички туруктуулугун жогорулатуу, анын ичинде макроэкономикалык туруктуулукту, ошондой эле тышкы чакырыктарга туруктуулукту камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү

Аксыдагы «Кербен» аэропорту быйыл пайдаланууга берилет

Аксыдагы «Кербен» аэропорту быйыл пайдаланууга берилет

Аксыдагы «Кербен» аэропорту быйыл пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Аксы районунун акими Замирбек Сыдыков «Биринчи радиого» билдирди. Аба майданды жандандыруу үчүн 30 млн сомдун тегерегиндеги каражат сарпталууда. Эске салсак, Кербен шаарындагы аэрпороттун иши 2007-жылы токтогон. Аны калыбына келтирүү маселеси 2015-жылдан бери көтөрүлүп келген болчу. Белгилей кетсек,«МЭА» ААК 2022-

Мамматрезерв фондунан Ошко 50 тонна кумшекер, 40 тонна күн карама майы берилди

Мамматрезерв фондунан Ошко 50 тонна кумшекер, 40 тонна күн карама майы берилди

Бүгүн, 18-мартта Ош шаарына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) алдындагы Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунун Башкы кампасынан 50 тонна кумшекер жана 40 тонна күн карама майы келип түшкөнүн ӨКМнын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Ош шаарында «Акниет» соода түйүндөрү аркылуу белгиленген баада: кумшекер килограммы 70 сомдон, күн карама майынын литри 130

ЕАЭБ жарандарга жүктөрдү бажы төлөмсүз ташуу лимитин 1000 еврого чейин көбөйттү

ЕАЭБ жарандарга жүктөрдү бажы төлөмсүз ташуу лимитин 1000 еврого чейин көбөйттү

Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрү жеке жактар үчүн ташуучу же почта аркылуу жөнөтүлгөн товарларды бажы алымысыз (пошлинасыз) ташып келүү лимитин 1000 еврого чейин жогорулатуу чечимин кабыл алды. Мындай чечим бүгүн, 18-мартта Москвада биринчи вице-премьер-министр Арзыбек Кожошевдин төрагалыгы алдында өткөн Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) кеңешинин жыйынында кабыл алынды.