Мамматрезерв фондунан Ошко 50 тонна кумшекер, 40 тонна күн карама майы берилди

Мамматрезерв фондунан Ошко 50 тонна кумшекер, 40 тонна күн карама майы берилди

Бүгүн, 18-мартта Ош шаарына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) алдындагы Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунун Башкы кампасынан 50 тонна кумшекер жана 40 тонна күн карама майы келип түшкөнүн ӨКМнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош шаарында «Акниет» соода түйүндөрү аркылуу белгиленген баада: кумшекер килограммы 70 сомдон, күн карама майынын литри 130 сомдон сатылат.

Сатылуучу даректер:

  • Кулатов кичи району 16б
  • Анар кичи району, Абдыкадыров көчөсү 205а
  • Курманжан Датка көчөсү 226 (болжол: шаардык оорукана)
  • Абакир уулу Төрөбек көчөсү 40в (Юго-Восток)
  • Исхак Раззаков көчөсү 56 (Ош району)
  • Уркуя Салиева көчөсү 40а (ХБК).

Мындан тышкары окуңуз

Баткенде ӨКМ кызматкерлери тоодон түшө албай калган өспүрүмдү үйүнө жеткиришти

Баткенде ӨКМ кызматкерлери тоодон түшө албай калган өспүрүмдү үйүнө жеткиришти

Баткен районунун Суу-Башы айылындагы Кык жайлоосуна эчки издеп барып, түндө тоодон түшө албай калган 17 жаштагы өспүрүмгө жардам көрсөтүлдү. ӨКМдин Баткен башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, өспүрүмдү издөө жана куткаруу иштерине ӨКМден, РӨКОнун №3 ӨИКОдон жана ИИМден жалпы 11 адам тартылган. Куткаруучулар Бужум айылынын тургуну М.Б. аттуу өспүрүмдү

Кыргыз-кытай инвестициялык бизнес форуму өтүүдө

Кыргыз-кытай инвестициялык бизнес форуму өтүүдө

"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында "Кыргызстан – Кытай: туруктуу өнүгүүгө жана жалпы бакубаттуулукка карай жол" аттуу кыргыз-кытай инвестициялык бизнес форуму өтүп жатат. Иш-чарага эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын, өнүктүрүү институттарынын, каржы түзүмдөрүнүн жана бизнес коомчулугунун өкүлдөрүнөн турган 300гө жакын адам катышууда. Форумда инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү, өнөр жай

Кочкордо 500 орундуу жаңы мектеп курулду

Кочкордо 500 орундуу жаңы мектеп курулду

Нарын облусунун Кочкор районундагы Кочкор айылында И. Арабаев атындагы 500 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктады. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Мектептин курулушу 2023-жылдын октябрында башталып, республикалык бюджеттен каржыланган. Учурда объект толугу менен бүткөрүлүп, жаңы окуу жылында пайдаланууга берүүгө даяр. Үч кабаттуу мектептин жалпы

Жапониялык студенттер Жогорку Кеңештин иши менен таанышты

Жапониялык студенттер Жогорку Кеңештин иши менен таанышты

Жогорку Кеңештин депутаты Карим Ханжеза Кыргыз-жапон адам ресурстарын өнүктүрүү борборунун (KRJC) көмөгү менен Кыргызстанга келген Жапониянын студенттери жана ыктыярчылары менен жолугушту. Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, коноктор Жогорку Кеңештин имаратын кыдырып чыгышты. Эл өкүлү депутаттардын ишмердүүлүгү жана мыйзам чыгаруу тууралуу айтып берди. Өз кезегинде Жапониядан келген студенттер жана ыктыярчылар