ЕАЭБ жарандарга жүктөрдү бажы төлөмсүз ташуу лимитин 1000 еврого чейин көбөйттү

ЕАЭБ жарандарга жүктөрдү бажы төлөмсүз ташуу лимитин 1000 еврого чейин көбөйттү

Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрү жеке жактар ​​үчүн ташуучу же почта аркылуу жөнөтүлгөн товарларды бажы алымысыз (пошлинасыз) ташып келүү лимитин 1000 еврого чейин жогорулатуу чечимин кабыл алды.

Мындай чечим бүгүн, 18-мартта Москвада биринчи вице-премьер-министр Арзыбек Кожошевдин төрагалыгы алдында өткөн Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) кеңешинин жыйынында кабыл алынды.

  • Босого 2022-жылдын 1-октябрына чейин убактылуу жогорулатылды. Эгерде посылканын баасы бул суммадан ашса же анын салмагы 31 килограммдан ашса, анда буюртманын наркынын 15% өлчөмүндө алым төлөнөт, бирок 1 кг үчүн 2 евродон кем эмес.
  • Бул чара чет элдик интернет-дүкөндөрдөн жеке колдонуу үчүн товарларга буйрутма берген жарандарга колдоо көрсөтүп, товардын тартыштыгынан сактайт.
  • Учурда жеке колдонуу үчүн товарларды ташып келүүдө пошлинасыз босого 200 еврону түзөт.
  • Чечим расмий жарыяланган күндөн тартып 10 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргыз-кытай инвестициялык бизнес форуму өтүүдө

Кыргыз-кытай инвестициялык бизнес форуму өтүүдө

"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында "Кыргызстан – Кытай: туруктуу өнүгүүгө жана жалпы бакубаттуулукка карай жол" аттуу кыргыз-кытай инвестициялык бизнес форуму өтүп жатат. Иш-чарага эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын, өнүктүрүү институттарынын, каржы түзүмдөрүнүн жана бизнес коомчулугунун өкүлдөрүнөн турган 300гө жакын адам катышууда. Форумда инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү, өнөр жай

Кочкордо 500 орундуу жаңы мектеп курулду

Кочкордо 500 орундуу жаңы мектеп курулду

Нарын облусунун Кочкор районундагы Кочкор айылында И. Арабаев атындагы 500 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктады. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Мектептин курулушу 2023-жылдын октябрында башталып, республикалык бюджеттен каржыланган. Учурда объект толугу менен бүткөрүлүп, жаңы окуу жылында пайдаланууга берүүгө даяр. Үч кабаттуу мектептин жалпы

Жапониялык студенттер Жогорку Кеңештин иши менен таанышты

Жапониялык студенттер Жогорку Кеңештин иши менен таанышты

Жогорку Кеңештин депутаты Карим Ханжеза Кыргыз-жапон адам ресурстарын өнүктүрүү борборунун (KRJC) көмөгү менен Кыргызстанга келген Жапониянын студенттери жана ыктыярчылары менен жолугушту. Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, коноктор Жогорку Кеңештин имаратын кыдырып чыгышты. Эл өкүлү депутаттардын ишмердүүлүгү жана мыйзам чыгаруу тууралуу айтып берди. Өз кезегинде Жапониядан келген студенттер жана ыктыярчылар

Кара-Балта шаарына 24 автобус берилди

Кара-Балта шаарына 24 автобус берилди

Кара-Балта шаарына Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун каржылык колдоосу менен “ISUZU” үлгүсүндөгү жүргүнчү ташуучу автобустар тапшырылды. Бул тууралуу аталган фонддон билдирди. Маалыматка ылайык, айдоочуларга жаңы автобустардын ачкычтары тапшырылып, андан соң унаалар шаардык каттамдарга чыгарылды. Кара-Балта шаары үчүн жалпысынан 24 автобус сатылып алынган. Буга чейин, Өзбек-Кыргыз фондунун колдоосу менен