Январь-февраль айларында ички соода 6.3%га өстү
Үстүбүздөгү жылдын январь-февраль айларында Кыргызстанда дүң жана чекене сооданын өсүшү 6.3%ды түздү. Бул аралыкта өлкөнүн ишкерлери 69 млрд 405.8 млн сомго (январь айынын орточо курсу боюнча 820 млн долларга жакын) соода жүргүзүшкөнүн Улутстатком билдирди. Бул мезгилде дүң сооданын көлөмүнүн өскөнү байкалып, ал – 11.4%га жеткен.