Бизнес маек
Искендер Дуйшеналиев: Москвадагы мекенин сагынган кыргызстандыктар үчүн дүкөн ачтым
Кыргызстандын чет өлкөгө кеткен мигранттарынын басымдуу бөлүгү Россияда эмгектенишет. РФнын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2020-жылдын январь айынан июнь айына чейин 380 миңге жакын кыргызстандык миграция каттоосунда турган, бирок расмий эмес статистикага ылайык, алардын саны 1 миллиондон ашат. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жумушчулары Россиядагы эмгек мигранттарынын жалпы санынын 17.6%ын