Бюджет 350 млн сомго толукталды – Радиожыштыктар сатылды

Бюджет 350 млн сомго толукталды –  Радиожыштыктар сатылды

Онлайн-аукциондун жыйынтыгында «Альфа Телеком» ЖАК (MegaCom бренди) «Нур Телеком» (О!) ЖЧКсы мурда баш тарткан радиожыштыкты сатып алды. Келишим республикалык бюджетти 350 млн сомго толуктады. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, Мамлекеттик байланыш агенттиги үч лот боюнча аукцион өткөргөн:

  1. 40 МГц өткөрүү жөндөмдүүлүгү менен 2300-2340 МГц (баштапкы баасы 12 млн сом). Жеңүүчү болуп «Альфа Телеком» ЖАК сунуш кылган 296 млн сом (лот төлөндү) табылды.
  2. 2340-2360 МГц 20 МГц өткөрүү жөндөмдүүлүгү менен (баштапкы баасы 6 млн сом). Сунушталган 353 млн сом менен «НУР Телеком» ЖЧКсы (О!) жеңүүчү деп табылып, бирок кайра компания лотту алуудан баш тарткан. Ушуга байланыштуу сатып алуу укугу «Альфа Телеком» ЖАК сунуштаган максималдуу баасы 350 млн сомго өткөрүлүп берилди (лот төлөндү).
  3. 2360-2400 МГц өткөргүчтүгү 40 МГц (баштапкы баасы 12 млн сом). Жеңүүчү болуп «Скай Мобайл» ЖЧК (Билайн) сунуштаган 360 млн сом (лот төлөндү) болду.

Берилген маалыматка ылайык, радиожыштыктарды сатуунун эсебинен өлкөнүн республикалык бюджетине 1 млрд сомго жакын киреше түшкөн. Жалпысынан мамлекеттик агенттиктин ишмердүүлүгүнүн натыйжасында, өлкөнүн бюджетине 1 млрд 471 млн сом түшкөн.

Мындан тышкары окуңуз

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Жамгырлуу аба ырайына байланыштуу Түндүк – Түштүк альтернативдүү унаа жолунун 3 тилкесине сел түшүп, жол кыймылына тоскоолдук жаратты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Балыкчы – Жалал-Абад унаа жолундагы каттам убактылуу жабылды. Учурда министрликтин Жол экспулатациялоомекемеси тарабынан атайын техникалар тартылып, жолду селден тазалоо жана калыбына келтирүү

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарын шаарынын мэри Жылдызбек Беккелдиев күз-кыш жылытуу мезгилине карата даярдык көрүү менен жылуулук тутумундагы оңдоп-түздөө, жылуулук системасына турак жайларды кошуу жана отканалардагы оңдоо иштерин көрдү. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тийиштүү мекеме жетекчилери менен бирге штабдык жыйын өтүп, жылуулук берүү ишканасына калкка жана

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Башкы прокуратурасы айлана-чөйрөнү коргоо жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын так сакталышына туруктуу прокурордук көзөмөл жүргүзүп келет. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, көрүлгөн чаралардын натыйжасында жер казынасын пайдалануу тармагында милдеттүү салыктык жана рекультивациялык төлөмдөрдү төлөөдөн качуу фактылары аныкталып, мамлекеттин пайдасына 250 млн сомдон ашык акча каражаты өндүрүлдү. Мындан тышкары, мыйзамсыз

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абад облусунда калктуу конуштардын коопсуздугун камсыздоо жана жер көчкүлөрдүн активдешүү коркунучун азайтуу максатында жер көчкү массаларын мажбурлап механикалык түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жалал-Абад облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалыматына ылайык, бул иштерди ишке ашыруу үчүн атайын инженердик долбоор иштелип чыгып, анын негизинде практикалык иштер башталды. Мындай ыкма Кыргызстандын аймагында биринчи