Искендер Дуйшеналиев: Москвадагы мекенин сагынган кыргызстандыктар үчүн дүкөн ачтым

Искендер Дуйшеналиев: Москвадагы мекенин сагынган кыргызстандыктар үчүн дүкөн ачтым

Кыргызстандын чет өлкөгө кеткен мигранттарынын басымдуу бөлүгү Россияда эмгектенишет. РФнын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2020-жылдын январь айынан июнь айына чейин 380 миңге жакын кыргызстандык миграция каттоосунда турган, бирок расмий эмес статистикага ылайык, алардын саны 1 миллиондон ашат.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жумушчулары Россиядагы эмгек мигранттарынын жалпы санынын 17.6%ын түзөт. Башка өлкөлөрдүн (Казакстан, Беларуссия, Армения) ичинен эң көп Кыргызстандан барган жумушчулар болуп эсептелет жана алар жалпы эмгек мигранттарынын 8.3%ын түзөт.

Россиядагы мекенин сагынган кыргызстандыктар үчүн Искендер Дуйшеналиев Москвада чучук, казы-карта, курут, бал, суусундук, дарбыз, мөмө-жемиштерден тартып, кийимге чейин кыргызстандык өндүрүшчүлөрдүн азыктарын саткан «Датка» дүкөнүн ачкан. Ал Economist.kg басылмасына дүкөндүн негизделиши, ишмердүүлүгү тууралуу айтып берди.

Дүкөндүн негиздөөчүсүнүн айтымында, дүкөн ачуу идеясы аларга 2016-жылы эле келген. Башында алар Кыргызстандан «Шоронун» суусундуктарын, курут алып келип сата башташкан. Ошентип 20 чарчы метр аянт кеңсени ижарага алып, ишмердүүлүгүн башташкан.

«Биз активдүү жарнама жасап баштадык. Кардарлар да акырындап келе башташты. Ошондогу кардарлар азыркы дүкөндүн негизделишине салым кошту десек болот. Жумушубуздун кемчилигин, артыкчылыгын карап көрүп, ар бир келген кардарга анкета берип, дүкөндө эмнелер жагат, кандай азыктардын болушун каалайт, сервис тууралуу кенен объективдүү пикирлерин билдирген сурамжылоо жүргүзө баштадык. Ошентип 2016-жылы биз канааттандыра албаган суроо-талапка ээ болдук», – дейт Дуйшеналиев.

2017-жылы болсо алар өзүнчө кампасы бар, 80 чарчы аянтка ээ дүкөнгө көчүшкөн.

«Күн сайын биз жөнүндө көп кардарлар биле башташты. Мындай караганда, идея киреше алып келип жаткандай көрүнгөнү менен андай эмес эле. Тапкан акчаны кайра эле, товар жүгүртүүгө салып жаттык. Кардарларыбыз көбөйгөн сайын, биздин алардын алдындагы жоопкерчлигибиз да өсүп жатты».

5000 азыкка тестирлөө өткөрүшкөн жаш ишкерлер бул үчүн көп акча каражатын жумшашкан. Ал эми 2019-2020-жылы өтө чоң кыйынчылыктарга туш келишкен.

«Кыргызстандан азыктарды РФга алып келээрде алардын сертификациясына, чек арадагы салыктарга, баанын көтөрүлүшүнө байланыштуу аябай чоң көйгөйлөргө туш болдук, акыры пандемия да башталып кетти. Ошол жылдары аябай кыйналдык, бирок баарын жеңип чыктык» – дейт жаш ишкер.

Ошентип 2021-жылы Дуйшеналиев метронун жанында, бардык стандарттарга жооп берген «Датка» дүкөнүн ачкан.

Учурда дүкөндүн товарларынын баары сертификациядан өткөн, мобилдик жеткирүү кызматы уюштурулган, бүт бардык салыктар төлөнөт, ошондой эле дүкөндө 1000ден ашуун ассортименттеги азыктар бар. Жума сайын Кыргызстандан жаңы товарлар жөнөтүлүп турат.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк микрофинансылык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту

Улуттук банк микрофинансылык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту

27-октябрда Улуттук банктын төрагасы А. Бакетаев микрофинансылык уюмдардын жетекчилери, "Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясы" жана "Кыргызстан банктарынын союзу" бирикмелеринин өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматы билдирди. Маалымдалгандай, жолугушууда микрофинансы секторунун учурдагы абалы, көйгөйлөрү жана аны өнүктүрүү маселелери талкууланды. Сектордун өкүлдөрү финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын

Ишкер Media
Ошто мыйзамсыз курулуш токтотулду

Ошто мыйзамсыз курулуш токтотулду

Бүгүн Ош шаарындагы К. Абдыразаков көчөсүнүн Б. Нурматов көчөсү менен кесилишкен жеринде мыйзамсыз жүргүзүлүп жаткан курулуш иштери токтотулду. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. Текшерүү учурунда курулуштун тиешелүү муниципалдык жана мамлекеттик органдардын эч кандай уруксат берүүчү документи жок жүргүзүлүп жатканы аныкталган. Шаардык мэрия билдиргендей, шаардын башкы планына ылайык бул аймак жашылдандыруу зонасы

Ишкер Media
Өлкө башчысы Садыр Жапаров Түркияга иш сапар менен барат

Өлкө башчысы Садыр Жапаров Түркияга иш сапар менен барат

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров 29–30-октябрда Түркиянын Анкара шаарына иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Маалыматка ылайык, өлкө лидери Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын чакыруусу менен Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын 13-саммитине катышат. Саммитте аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер талкууланат. Жыйынтыгында

Ишкер Media
Кыргызстан "Бирдиктүү ден соолук" ыкмасы менен пандемияга даярдыгын күчөтүүдө

Кыргызстан "Бирдиктүү ден соолук" ыкмасы менен пандемияга даярдыгын күчөтүүдө

Кыргызстанда жугуштуу оорулардын алдын алуу жана эпидемиологиялык көзөмөл системасын чыңдоо боюнча иштер уланууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады. Билдирүүгө ылайык, 2026-жылы АКШ өкмөтү каржылаган EpiC долбоорунун колдоосу менен өлкөнүн 49 районунан 275 адис I-EPID электрондук эпидемиологиялык көзөмөл системасын колдонуу боюнча окуудан өттү. Мындан тышкары, кара тумоо, күйдүргү,

Ишкер Media