«Империя пиццы» кафесине карата кылмыш иши козголду

Бишкек ШИИББ «Империя пиццы» кафелериндеги уулануу фактысы боюнча «Санитардык -эпидемиологиялык эрежелерди бузуу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш ачты. Бул тууралуу «Клоопко» борбор калаа милициясынан кабарлашкан.

Анда массалык уулануу фактысы боюнча бардык чогулган материалдар кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, соттук-укуктук экспертизалар дайындалганы айтылган. Учурда иликтөө иштери уланууда.

Эскерте кетсек, «Империя пиццы» кафесинин ар башка филиалдарында массалык уулануу катталып,  тамактан уулангандардын саны 118 кишиге жеткен. Мындан улам Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун адистери бүткүл республика боюнча жалпы тамактануучу жайларды текшерүүгө алаарын да билдирген болчу.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

АӨБ менен кызматташуунун 2028–2032-жылдарга планы талкууланды

Өлкөгө 500 млн доллардан ашык инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү каралды

УчкайКЕП: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

5 жылда өлкө бюджети 4,5 эсеге өстү

Бишкекте лицензиясыз валюта алмаштырган эки жаранга айып пул салынды