акыркы жаңылыктар

КРга Россиядан 45 миң тонна буудай импорттолду

КРга Россиядан 45 миң тонна буудай импорттолду

Кыргызстанга Россиядан 45 миң тонна буудай импорттолду. Бул тууралуу Биринчи Радиого Кыргыз тегирменчилер бирикмесинин төрагасы Рустам Жунушов билдирди. Эскерте кетсек, 2021-жылы өткөн жылга салыштырмалуу дан эгиндери 35%га аз жыйналган, тагыраак айтканда, бул 280 миң тоннага аз. Мындай маалыматты Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков билдирген

Улуттук энергохолдинг: Октябрдын башында Тажикстандан электр энергиясы келген

Улуттук энергохолдинг: Октябрдын башында Тажикстандан электр энергиясы келген

Октябрдын башында Тажикстандан электр энергиясы келген. Бул тууралуу Улуттук энергохолдингден билдиришти. Эскерте кетсек, бүгүн, 6-октябрдагы ЖКнын жыйынында Дастан Бекешев Тажикстандан электр энергиясынын келгени тууралуу маалымат жоктугун айткан болчу. Компаниянын берген маалыматына ылайык, Токтогул суу сактагычында суунун аздыгына байланыштуу Улуттук энергохолдинг Борбор Азиянын энергетикалык шакекчесине кирген бардык өлкөлөр менен Кыргызстанга

«Кумтөр Голд Компани»: канадалыктар КРнын жаратылышты коргоо мыйзамдарын одоно бузган

«Кумтөр Голд Компани»: канадалыктар КРнын жаратылышты коргоо мыйзамдарын одоно бузган

«Кумтөр Голд Компани» Кумтөр кенинде «канадалыктар Кыргызстандын жаратылышты коргоо мыйзамдарын жана эл аралык экологиялык стандарттарды бузган фактылар аныкталганын» билдирди. Бул тууралуу 5-октябрда компаниянын сайтына жарыяланган билдирүүдө айтылат. Анда көптөгөн жылдар бою өндүрүштүк жана тиричилик калдыктарынын көбү кайра иштетүүнүн ордуна жерге көмүлүп келгени, бул полигондор бир да отчетто көрсөтүлбөгөнү, аларды

«Министрлер кабинети тууралуу» мыйзам ишке кирсе, кызматкерлер 30%га кыскарат

«Министрлер кабинети тууралуу» мыйзам ишке кирсе, кызматкерлер 30%га кыскарат

«Министрлер кабинети тууралуу» мыйзам ишке киргенден кийин өкмөттө иштеген кызматкерлер 30%га кыскарат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров бүгүн, 6-октябрда ЖКда депутат Айнура Осмонованын суроосуна жооп берип жатып айтты. Кыскартууга туш болгон кызматкерлерге тиешелүү компенсация төлөнүп берилет. «Эмгек кодекси боюнча кенемте

ЕРӨБ Кербен шаарын таза суу менен камсыздоого 6.5 млн евро бөлөт

ЕРӨБ Кербен шаарын таза суу менен камсыздоого 6.5 млн евро бөлөт

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Кербен шаарынын таза суу тармагы менен канализациясын жаңыртуу багытында 6.5 млн евро өлчөмүндө жеңилдетилген насыя каражатын бөлөт. Бул тууралуу Мамкурулуш агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаев ЖКнын бүгүнкү жыйынында билдирди. Анын ичинде 2.5 млн евро гранттык каражат болуп саналат. Насыя 15 жылдык мөөнөткө 1

Депутаттар Архитектура, курулуш жана турак жай агенттигинин ишине нааразы – жыйынтык жок

Депутаттар Архитектура, курулуш жана турак жай агенттигинин ишине нааразы – жыйынтык жок

Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаевге бүгүн, 6-октярдагы ЖКнын жыйынында бир катар депутаттар суроолорун беришип, анын айткан жоопторуна, өкмөттүн жасаган жумуштарына канааттанышкан жок. Мисалы, Оштогу Жапалак айыл өкмөтүнүн калкын таза суу менен камсыз кылуу боюнча депутат Айбек Осмонов статс-катчынын жоопторуна канааттанган

Министрлер кабинетин эми президент жетектейт – Жогорку Кеңеште каралууда

Министрлер кабинетин эми президент жетектейт – Жогорку Кеңеште каралууда

Министрлер кабинетин өлкөнүн президенти жетектейт. Мындай өзгөртүү «Министрлер кабинети жөнүндө» мыйзам долбооруна киргизилди, учурда ал Жогорку Кеңеште экинчи окууда каралууда. Белгилей кетсек, мыйзам долбоорунда биринчи окууда президенттин министрлер кабинетинин ишиндеги жоопкерчилиги жана ролу көрсөтүлгөн эмес. «Конституцияга ылайык, мыйзам долбоорунун биринчи беренесинде аткаруу бийлигин мамлекет башчысы башкараарын көрсөткөнбүз», – деп түшүндүрдү түзөтүүнүн

Дастан Бекешев: тажик тарап КРга электр энергиясын саткан жокпуз деп жатат

Дастан Бекешев: тажик тарап КРга электр энергиясын саткан жокпуз деп жатат

Тажик тарап КРга электр энергиясын саткан жокпуз деп жатат. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев бүгүн, 6-октябрда ЖКнын жыйынында айтты. «Тажик тарап КРга электр энергиясын саткан жокпуз деп жатат. Парламентте так маалымат жок. Бийлик элди алдап атса, өкмөттү чакыралы, маалымат берсин», – деди депутат. Андан тышкары, КРга Бекешев мөөнөтү өткөн AstraZeneca

Түштүктөгү аарычылык, кол өнөрчүлүк жана айыл чарба тармагындагы ишкерлерге гранттар берилет

Түштүктөгү аарычылык, кол өнөрчүлүк жана айыл чарба тармагындагы ишкерлерге гранттар берилет

Accelerate Prosperity өлкөнүн түштүк аймактарындагы ишкерлерге бизнести тездетүү үчүн арыздарды кабыл алууну жарыялайт. «Аракетчил» жаштар долбоорунун алкагында Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы аарычылык, кол өнөрчүлүк жана айыл чарба тармагындагы ишкерлерге 7 жумалык акселерация өткөрүлөт. Берилген маалыматка ылайык, бизнес акселератору программасына профессионалдуу бизнес-консультанттар (трекерлер), конок спикерлер жана нарк чынжыры

КРгы финансылык рынок, банктар, карьерасы жана дүйнөгө көз карашы – Максатбек Ишенбаев менен маек

Бизнес маек

КРгы финансылык рынок, банктар, карьерасы жана дүйнөгө көз карашы – Максатбек Ишенбаев менен маек

«Бай Түшүм» банкынын төрагасы Максатбек Ишенбаев финансы секторунда 20 жылдан бери эмгектенип, бүгүнкү күндө рынокко заманбап банк кызматтарды сунуп келет жана ал 1993-жылы улуттук валютаны киргизгендердин бири болуп саналат. Максатбек Ишенбаев Economist.kg басылмасына берген маегинде ал Улуттук банкта иштеген мезгилдери, коммерциялык чөйрөдөгү жумуштар жана ийгиликтүү карьеранын сырлары тууралуу

USAID Борбор Азияда сооданы өнүктүрүү багытында 19 млн долларлык долбоорун жарыялады

USAID Борбор Азияда сооданы өнүктүрүү багытында 19 млн долларлык долбоорун жарыялады

Бүгүн, 5-октябрда АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстанда ишке ашырыла турган 19 млн долларлык жаңы беш жылдык долбоорду жарыялады. Бул тууралуу КРгы АКШ элчилигинин маалымат кызматы билдирди. Жаңы долбоор буга чейинки жетишкендиктерге негизделип, аймактык соода, ишканаларды өнүктүрүү жана регионалдык байланышты күчөтүүгө багытталат.

Венгриянын элчилигинде кыргызстандыктарга Шенген визасы бериле баштайт

Венгриянын элчилигинде кыргызстандыктарга Шенген визасы бериле баштайт

Венгриянын элчилиги октябрь айынан тарта кыргызстандыктар үчүн Венгрияга жана Евробиримдиктин башка өлкөлөрүнө Шенген визасын бере баштайт. Мындай макулдашуу Кыргыз-Венгрия стратегиялык кеңешинин биринчи жыйынында жетишилди. КРнын ТИМден билдиришкендей, макулдашуу 2021-жылдын 4-октябрында Будапешт шаарында Кыргыз-Венгрия Стратегиялык Кеңешинин 1-жыйында жетишилген. Кыргыз тараптан делегацияны КРнын тышкы иштер министри Руслан