ЕРӨБ Кербен шаарын таза суу менен камсыздоого 6.5 млн евро бөлөт

ЕРӨБ Кербен шаарын таза суу менен камсыздоого 6.5 млн евро бөлөт

 Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Кербен шаарынын таза суу тармагы менен канализациясын жаңыртуу багытында 6.5 млн евро өлчөмүндө жеңилдетилген насыя каражатын бөлөт. Бул тууралуу Мамкурулуш агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаев ЖКнын бүгүнкү жыйынында билдирди.

Анын ичинде 2.5 млн евро гранттык каражат болуп саналат. Насыя 15 жылдык мөөнөткө 1 пайыздык үстөгү менен берилүүдө. Ал мэрия менен сууканал ишканасы тарабынан жабылууга тийиш.

Жогорку Кеңештин жыйынында «Кербен шаарында суу менен жабдуу жана канализация системасын реабилитациялоо долбоору боюнча кредиттик макулдашууга №1 Кошумча макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» мыйзамдын долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Ошондой эле Мамкурулуш агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаевдин айтымында, ЕРӨБ Ноокат шаарынын жана ага жакын жайгашкан айылдардын таза суу тармагы менен саркынды сууларды чыгаруу тутумун жаңыртуу багытында жалпысынан 4.8 млн евро өлчөмүндө каражат бөлөт, анын ичинде 2.2 млн евро гранттык каражат болуп саналат. Насыя 15 жылдык мөөнөткө 1 пайыздык үстөгү менен берилүүдө. Ал мэрия менен шаардын сууканал ишканасы тарабынан жабылууга тийиш.

Эскерте кетсек, ЖКнын ушул эле жыйынында мамкурулуштун жумушунун жыйынтыгына депутаттар канааттанышкан жок.

Мындан тышкары окуңуз

Нарында катуу шамал болуп китепкананын чатырын учуруп кетти

Нарында катуу шамал болуп китепкананын чатырын учуруп кетти

4-июлда Нарын шаарынын аймагында катуу шамал катталды. Бул тууралуу Нарын облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.  Маалыматка ылайык, саат 16:40 чамасында катуу шамалдан улам Ала-Мышык тоосундагы "О" уюлдук операторунун бир радиорелейдик антеннасы кулаган. Анын кесепетинен "О" уюлдук операторунун байланыш түйүнү үзгүлтүккө учурап,

Ошто эскилиги жеткен көрнөк-жарнактар алынды

Ошто эскилиги жеткен көрнөк-жарнактар алынды

Ош шаарында көрнөк-жарнактарды “Мамлекеттик тил жөнүндө” жана “Жарнак жөнүндө” мыйзамдарынын талаптарына ылайык келтирүү максатында кезектеги рейддик иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Ош шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тил боюнча комиссиясы жана муниципалдык менчик башкармалыгынын Жарнак жана дизайн бөлүмү менен биргеликте А. Навои көчөсүндө эскилиги жеткен жана талаптарга

Оштогу эскилиги жеткен жылуулук түтүктөрү алмаштырылат

Оштогу эскилиги жеткен жылуулук түтүктөрү алмаштырылат

Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев “Жылуулук электр борбору" муниципалдык ишканасынын өкүлдөрү менен жумушчу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жыйында А.Масалиев көчөсүндөгү эскилиги жеткен магистралдык жылуулук куурларын жаңылоо маселеси талкууланды. Долбоордун алкагында ТК-9 жылуулук камерасынан ТК-16 жылуулук камерасына чейинки узундугу

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Россияга барат

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Россияга барат

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Россия Федерациясынын Екатеринбург шаарына жумуш сапары менен барат. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн айтымына караганда, А.Касымалиев бир катар жолугушууларды өткөрөт. Андан сырткары,  “Иннопром” эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө барат. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA