Түштүктөгү аарычылык, кол өнөрчүлүк жана айыл чарба тармагындагы ишкерлерге гранттар берилет

Түштүктөгү аарычылык, кол өнөрчүлүк жана айыл чарба тармагындагы ишкерлерге гранттар берилет

Accelerate Prosperity өлкөнүн түштүк аймактарындагы ишкерлерге бизнести тездетүү үчүн арыздарды кабыл алууну жарыялайт. «Аракетчил» жаштар долбоорунун алкагында Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы аарычылык, кол өнөрчүлүк жана айыл чарба тармагындагы ишкерлерге 7 жумалык акселерация өткөрүлөт.

Берилген маалыматка ылайык, бизнес акселератору программасына профессионалдуу бизнес-консультанттар (трекерлер), конок спикерлер жана нарк чынжыры боюнча эксперттик кеңештер кирет.

Окутуу аяктагандан кийин катышуучулар инвестициялык комитеттин алдында өзүнүн ишмердигин тааныштырып, 5-7 миң доллар өлчөмүндө грант ала алышат. Тактап айтканда, төмөнкү бөлүмдөгү ишкерлерге артыкчылык берилет: Ош облусунда алма жана күрүч өстүрүү, Баткен облусунда өрүк жана малина өстүрүү жана Жалал-Абад облусунда аарычылык жана кол өнөрчүлүк жааттарына.

Долбоордун негизги максаты – долбоордун 42 максаттуу жамаатындагы 4000 улан-кыздарды жумуш менен камсыз кылуу. Анын курамына КРнын Фергана өрөөнүндөгү 450 чакырымдык CASA-1000 электр линиясынын бойлорунда жашаган жамааттар кирет. Долбоор жаштарды эмгек рыногуна жана алар үчүн базар мүмкүнчүлүктөрүнө даярдоону көздөйт.

Катышуу үчүн веб-сайтта 2021-жылдын 31-октябрына чейин бул шилтеме  https://kg.accelerateprosperity.org/araketchil аркылуу арызды толтуруу керек

Маалымат үчүн: «Аракетчил» долбоору Япония Өкмөтү тарабынан Дүйнөлүк Банк менен өнөктөштүктө каржыланып, Ага Хан Фондунун «Кыргызстандын тоолуу аймактарын өнүктүрүүнү колдоо программасы» тарабынан ишке ашырылууда. Окуу программасы үчүн ишкердик боюнча максаттуу жамааттарга баштапкы жана улантуучу деңгээлде 4 991.400 млн сом бөлүнгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Нарында катуу шамал болуп китепкананын чатырын учуруп кетти

Нарында катуу шамал болуп китепкананын чатырын учуруп кетти

4-июлда Нарын шаарынын аймагында катуу шамал катталды. Бул тууралуу Нарын облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.  Маалыматка ылайык, саат 16:40 чамасында катуу шамалдан улам Ала-Мышык тоосундагы "О" уюлдук операторунун бир радиорелейдик антеннасы кулаган. Анын кесепетинен "О" уюлдук операторунун байланыш түйүнү үзгүлтүккө учурап,

Ошто эскилиги жеткен көрнөк-жарнактар алынды

Ошто эскилиги жеткен көрнөк-жарнактар алынды

Ош шаарында көрнөк-жарнактарды “Мамлекеттик тил жөнүндө” жана “Жарнак жөнүндө” мыйзамдарынын талаптарына ылайык келтирүү максатында кезектеги рейддик иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Ош шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тил боюнча комиссиясы жана муниципалдык менчик башкармалыгынын Жарнак жана дизайн бөлүмү менен биргеликте А. Навои көчөсүндө эскилиги жеткен жана талаптарга

Оштогу эскилиги жеткен жылуулук түтүктөрү алмаштырылат

Оштогу эскилиги жеткен жылуулук түтүктөрү алмаштырылат

Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев “Жылуулук электр борбору" муниципалдык ишканасынын өкүлдөрү менен жумушчу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жыйында А.Масалиев көчөсүндөгү эскилиги жеткен магистралдык жылуулук куурларын жаңылоо маселеси талкууланды. Долбоордун алкагында ТК-9 жылуулук камерасынан ТК-16 жылуулук камерасына чейинки узундугу

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Россияга барат

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Россияга барат

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Россия Федерациясынын Екатеринбург шаарына жумуш сапары менен барат. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн айтымына караганда, А.Касымалиев бир катар жолугушууларды өткөрөт. Андан сырткары,  “Иннопром” эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө барат. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA