Коом
Ысык-Көлдө дагы бир социалдык дарыкана ачылды
5-мартта Караколдо жайгашкан Ысык-Көл облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда «Эл Аман» социалдык аптекасынын ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Ачылыш аземге президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Айнур Султанбаева, Караколдун мэриясынын жана облустук саламаттыкты сактоо институттарынын өкүлдөрү катышты. Бул дарыкананын ачылышы менен коомдун бардык катмарлары үчүн