Коом
Бишкекте заманбап, ири турак жай кварталынын пайдубалы түптөлдү
Бишкекте ири турак жай долбоорунун алгачкы этабы болгон THE ESSENCE кварталынын пайдубалын түптөө аземи болуп өттү. Бул аземге шаар тургундары, инвесторлор жана коноктор катышып, аларга долбоордун концепциясы тааныштырылды. Билдирүүгө караганда, долбоорду девелопер компания RCA Living ишке ашырууда жана ал Royal Central Park аттуу масштабдуу шаардык комплекстин бир бөлүгү болуп саналат.