Экономика
Тажикстан былтыр 11 айда Кыргызстанга экспортту 19 эсе көбөйткөн
Тажикстан Кыргызстанга экспорт көлөмүн 19 эсеге көбөйткөнүн Тажикстан Республикасынын Бажы кызматы маалымдады. Маалыматка ылайык, 2024-жылы Кыргызстанга экспорттолгон товарлардын көлөмү болгону 475 миң долларды түзсө, ага чейинки жылы бул көрсөткүч 9 миллион долларга жеткен. Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин ичинен Тажикстан менен жалпы чек арасы бар жалгыз өлкө болуп саналат.