"Бишкекшаарлифт" ишканасы 2026-жылы 100 лифтти модернизациялайт

"Бишкекшаарлифт" ишканасы 2026-жылы 100 лифтти модернизациялайт

Муниципалдык "Бишкекшаарлифт" ишканасы 2026-жылы 100 лифтти модернизациялоону (алмаштырууну) пландап жатканын Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Лифттерди сатып алуу боюнча конкурстук жол-жоболорду даярдоо жана өткөрүү алкагында ишкана лифт жабдууларын жеткирүүчүлөрдү конкурска катышууга чакырат.

Маалыматка ылайык, катышуучулар тиешелүү иш тажрыйбасына ээ болушу жана Бажы бирлигинин ТР ТС 011/2011 "Лифттердин коопсуздугу" техникалык регламентинин талаптарына жооп бериши зарыл. Конкурс Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" мыйзамына ылайык өткөрүлөт.

Катышуу шарттары, квалификациялык талаптар жана конкурстук документтер тууралуу толук маалымат Кыргызстандын мамлекеттик сатып алуулар порталында жайгаштырылган.

Кошумча суроолор боюнча 0505 333 416 телефону аркылуу (техникалык бөлүм) кайрылууга болот.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда тилемчиликке каршы жаңы чаралар каралууда

Кыргызстанда тилемчиликке каршы жаңы чаралар каралууда

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Укук бузуулар жөнүндө кодекске жана "Тышкы миграция жөнүндө" мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты. Демилгечи – Министрлер Кабинети. Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиевдин

Кыргызстан Европа парламенти менен визалык жеңилдетүүнү талкуулады

Кыргызстан Европа парламенти менен визалык жеңилдетүүнү талкуулады

Бишкекте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Европа парламентинин ортосундагы парламенттер аралык кызматташтык комитетинин 18-отуруму өткөрүлдү. Жыйынга Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Жылдыз Таалайбек кызы жана депутаттар Салтанат Аманова, Махабат Мавлянова, Алтынбек Кылычбаев, Исманали Жороев катышты. Европа парламентинин делегациясын Джузи Принчи жетектеп, курамында депутаттар Свен Симон, Тьерри Мариани жана Кристиан Вигенин

Sary Kyz жана Argen Sigma Кыргызстан туризминин амбассадорлору болушту

Sary Kyz жана Argen Sigma Кыргызстан туризминин амбассадорлору болушту

Кыргызстандагы белгилүү блогерлер Sary Kyz жана Argen Sigma өлкөдө туризмди жайылтуу багытында иш алып барышат. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан билдиришти. Маалыматка ылайык, фонд алдыңкы блогерлер менен өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду. Өнөктөштүк Кыргызстандын туристтик потенциалын медиа мейкиндикте жана социалдык тармактарда кеңири таанытууга багытталган. Меморандумдун

Былтыр Кыргызстанга акча которуулардын көлөмү 16,8%га өскөн

Былтыр Кыргызстанга акча которуулардын көлөмү 16,8%га өскөн

Евразия өнүктүрүү банкынын эксперттеринин баамында, 2025-жылы Кыргызстанга акча которуулардын көлөмү 3,5 млрд долларга жетти. Бул тууралуу көп тараптуу каржы институтунун жумалык баяндамасында маалымдалат. Баяндамага ылайык, которуулардын көлөмү 2024-жылга салыштырмалуу 16,8%га өскөн, негизинен Россиядан жөнөтүлгөн каражаттардын эсебинен. ЭӨБдун эсептөөлөрү боюнча, 3,5 млрд доллар Кыргызстандын ички дүң продукциясынын