акыркы жаңылыктар

Бишкектеги Ак-Ордо конушунда 750 орундуу мектеп курулуп бүттү

Коом

Бишкектеги Ак-Ордо конушунда 750 орундуу мектеп курулуп бүттү

Бишкек шаарынын Ак-Ордо конушунда 750 орундуу мектептин курулушу аяктады. Учурда объекттин айланасын көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Жаңы мектеп мамлекеттик бюджеттин эсебинен заманбап талаптарга ылайык, ири панелдүү типте курулду. Имаратта кең окуу класстары, лаборатория, эмгек кабинеттери, дарыгердин бөлмөсү, информатика классы, китепкана, жыйындар залы жана спорт залы

Республикалык тестирлөөгө дээрлик 57 миң абитуриент катталды

Коом

Республикалык тестирлөөгө дээрлик 57 миң абитуриент катталды

Кыргызстанда 56 миң 861 абитуриент Жалпы республикалык тестирлөө (ЖРТ) сынагына ийгиликтүү катталганын Билим берүүнү баалоо жана окутуу методдору борбору билдирди. Арыздар системасынын маалыматына ылайык, жалпы берилген арыздардын саны 65 миң 389ду түздү. Анын ичинен: * кыргыз тилинде — 36 миң 289 катышуучу; * орус тилинде — 29,1 миң катышуучу. Мындан тышкары: * 7 миң

Новопавловка айылында 3 млн сомдук маркаланбаган мотор майы кармалды

Экономика

Новопавловка айылында 3 млн сомдук маркаланбаган мотор майы кармалды

Бишкек шаарынын Ленин районунун Новопавловка айылындагы рейдде акциздик маркасы жок мотор майларын мыйзамсыз сактоо жана сатуу фактысы аныкталганын Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, текшерүүдө маркаланбаган ар кандай идиштердеги 294 даана мотор майы табылды. Продукциянын жалпы көлөмү 10 миң 824 литр болуп, жалпы суммасы болжол менен 3 млн сомду түздү.

"Тазалык" ишканасынын абоненттик аласасы 244 млн сомго жетти

Коом

"Тазалык" ишканасынын абоненттик аласасы 244 млн сомго жетти

Бишкек шаарындагы Тазалык муниципалдык ишканасы катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу үчүн төлөмдөр боюнча карыздарды аныктоо максатында рейддерди күчөтөт. Ишканадан билдиришкендей, текшерүүлөр жарандарды гана эмес, жеке чарбаларды жана кызмат акысын системалуу түрдө төлөбөгөн ишкерлерди да камтыйт. Айрыкча узак убакыттан бери карызы бар абоненттерге өзгөчө көңүл бурулат. 2026-жылдын 1-мартына карата жалпы

Быйыл Кыргызстанга келген туристтер 10%га өсүшү ыктымал

Экономика

Быйыл Кыргызстанга келген туристтер 10%га өсүшү ыктымал

Кыргызстанда 2026-жылы туризм тармагынын өнүгүшүнө олуттуу таасирин тийгизе турган масштабдуу иш-чаралар өтөт. Негизги окуялардын бири учурда кызуу даярдык жүрүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары. Бул тууралуу Туризм департаментинин директору Эрденет Касымов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, дүйнөдөгү кырдаалга карабастан, Кыргызстанга чет элдик туристтердин агымы көбөйөт деп болжолдонууда.

"Кыргызалтынга" Таластагы Андаш кенин иштетүүгө укук берилди

Экономика

"Кыргызалтынга" Таластагы Андаш кенин иштетүүгө укук берилди

Министрлер Кабинети 2026-жылдын 26-мартындагы №198-т тескемеси менен "Кыргызалтын" ААКына Талас облусунун Талас районунда жайгашкан Андаш кенинин №1 рудалык алтын жана жез казып алуу үчүн жер казынасын пайдалануу укугун берди. Документке ылайык, бөлүнгөн участоктун аянты 400 гектарды түзөт. Кенди иштетүүнү баштоого чейин "Кыргызалтынга" Кыргызстандын

Тогуз-Тородо арашан кочкорлорунун көргөзмөсү өттү

Кызыктуу

Тогуз-Тородо арашан кочкорлорунун көргөзмөсү өттү

Тогуз-Торо районунда Арашан породасындагы асыл тукум кочкорлордун көргөзмөсү өткөрүлгөнүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чарага райондун алдыңкы малчы, фермер жана тармактын адистери катышкан. Көргөзмөдө кочкорлордун салмагы, асыл тукумдуулук өзгөчөлүктөрү жана сырткы көрүнүшү кылдат бааланды. Катышуучулар өз ара тажрыйба алмашып, асыл

Бишкекте филармониянын фонтандары толугу менен реконструкцияланат

Коом

Бишкекте филармониянын фонтандары толугу менен реконструкцияланат

Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы фонтандарды реконструкциялоого даярдык көрүүнүн алкагында учурда демонтаждоо иштери жүргүзүлүүдө. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, демонтаж иштери аяктагандан кийин фонтан комплексин толук реконструкциялоо этапы башталат. Долбоордун негизинде конструктивдик элементтер жаңыланып, инженердик системалар модернизацияланат. Ошондой эле айланасындагы аймак көрктөндүрүлөт. Белгилей кетсек, фонтан комплекси акыркы жолу 2002-жыл

Кыргызстанда Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик түзүлөт

Экономика

Кыргызстанда Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик түзүлөт

Бүгүн Экономика жана коммерция министрлиги караштуу Туризм департаментинин директору Эрденет Касымов радионун түз эфиринде Кыргызстанда Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик түзүлүп жатканын билдирди. Анын айтымында, тиешелүү жарлыкка өткөн жумада Садыр Жапаров кол койгон. Жаңы мамлекеттик орган Министрликтин түзүмдөрүн кайра уюштуруунун негизинде түзүлөт жана Министрлер Кабинетине караштуу болот. Касымов белгилегендей, бул

Быйылкы жылдын 3 айында Ысык-Көлдөн 16 900 метр тор алынды

Саясат

Быйылкы жылдын 3 айында Ысык-Көлдөн 16 900 метр тор алынды

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын Туристтик-экологиялык милиция кызматы 2026-жылдын биринчи чейрегинин жыйынтыгын чыгарды. Облустук милициядан билдиришкендей, бул мезгил аралыгында Көлдүн акваториясынан жана кармалган жарандардан жалпы узундугу 16 900 метрди түзгөн синтетикалык торлор конфискацияланган. 300 даана балык мыйзамсыз уулоо учурунда алынып, тиешелүү кызматтарга өткөрүлөн. Алдын алуу иштеринин натыйжасында

Ысык-Көл суусу кескин тартылып жатабы?

Коом

Ысык-Көл суусу кескин тартылып жатабы?

Ысык-Көл жээгинде жашаган тургундар көлдөгү суунун деңгээли байкаларлык төмөндөп жатканын билдиришүүдө. Алардын айтымында, өзгөрүүлөр айрыкча акыркы айларда күчөгөн. Жергиликтүү эл мунун экологиялык кесепеттери болушу мүмкүн деп тынчсызданууда. Жергиликтүү тургундар бийликти жана коомчулукту бул маселеге көңүл бурууга жана көлдүн суу ресурстарын сактоо боюнча чараларды көрүүгө чакырышууда. Ысык-Көл Кыргызстандагы негизги

Жумгал районунун бюджетине аудит жүргүзүлүп, 68,2 млн сомдук бузуулар аныкталды

Экономика

Жумгал районунун бюджетине аудит жүргүзүлүп, 68,2 млн сомдук бузуулар аныкталды

КРнын Эсептөө палатасынын аймактык бөлүмү Нарын областынын  Жумгал районунда  2023-жылдын 1-январынан тартып 2024-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата жергиликтүү бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына шайкештик аудит жүргүзүп, бир катар мүчүлүштүктөрдү аныктады. Аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлагандай, аудиттин жыйынтыгы боюнча баардык каржылык бузуулардын жалпы суммасы 68221,7