акыркы жаңылыктар

Экономика министрлиги 2026-жылы 2 млн долларды региондорду өнүктүрүүгө жумшайт

Экономика

Экономика министрлиги 2026-жылы 2 млн долларды региондорду өнүктүрүүгө жумшайт

Экономика жана коммерция министрлиги 2026-жылы Коомчулуктардын демилгелери боюнча улуттук долбоордун (КДУД)) алкагында 2 млн долларды өздөштүрүүнү пландап жатканын биринчи вице-министр Чоро Сейитов координациялык комитеттин жыйынында билдирди. Анын айтымында, долбоор 2025-жылдын экинчи чейрегинде башталып, ушул кезге чейин 1 млн доллар өздөштүрүлгөн. Долбоорду Дүйнөлүк банк каржылайт, жалпы бюджети 27 млн долларды түзөт.

Курал-жарак алууда мамлекетке келтирилген 244,6 млн сом чыгым өндүрүлдү

Коом

Курал-жарак алууда мамлекетке келтирилген 244,6 млн сом чыгым өндүрүлдү

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Коргоо министрлигинде курал-жарак алууда келтирилген ири зыяндын толугу менен орду толтурулганын билдирди. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, зыян өлкөгө курал-жарак жеткирүүгө байланыштуу келишимдин шарттарын аткарбоо фактысы менен байланыштуу. Финансы министрлигинин аудиттик текшерүүсүнүн натыйжасында мамлекетке келтирилген зыян 244 млн 587 миң 870 сомду түзгөнү аныкталган. Бул сумма

"Жеңил өнөр жай" ассоциациясы Бангладеш жарандарынын жумуш визаларын узартууну суранды

Экономика

"Жеңил өнөр жай" ассоциациясы Бангладеш жарандарынын жумуш визаларын узартууну суранды

"Жеңил өнөр жай" ассоциациясы тигүү өнөр жайына эмгек мигранттарын тартуу максатында Кыргызстанда иштеп жаткан Бангладеш жарандарынын жумуш визаларын узартууну өтүнгөнүн ассоциациянын өкүлү "Ала-Тоо" депутаттык комитетинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, Бангладеш жарандары өлкөгө келишимдердин негизинде тартылып, расмий түрдө иштеп, салык төлөп жатышат. "Ушуга байланыштуу биз компаниялар

Эски таштанды полигонундагы "таштанды тоосу" быйыл тазаланат

Экономика

Эски таштанды полигонундагы "таштанды тоосу" быйыл тазаланат

Жогорку Кеңештин "Мекенчил" жана "Ата Журт" депутаттык топторунун көчмө жыйынында депутат Алишер Козуев Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевге эски таштанды полигонундагы таштанды тоосунун тагдыры тууралуу суроо узатты. Депутат бул маселеге олуттуу көңүл буруу керектигин белгилеп, таштанды полигону мезгил-мезгили менен күйүп, шамал аркылуу таштандынын бөлүкчөлөрү коңшу калктуу

Таласта курулуш ченемдерин сактабаган компания 200 миң сом айыпка жыгылды

Коом

Таласта курулуш ченемдерин сактабаган компания 200 миң сом айыпка жыгылды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Талас региондук башкармалыгы тарабынан аймактагы курулуш объектилери көзөмөлдөнүп келет. Текшерүү иштеринин алкагында, Талас районуна караштуу Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн Чоң-Токой айылында курулуп жаткан таза суу системасынын долбоорлоо жана курулуш процессинде техникалык регламенттердин, курулуш ченемдеринин, эрежелеринин жана стандарттарынын сакталбагандыгы аныкталды.

Эски үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр качанкыга чейин жарактуу болот?

Транспорт

Эски үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр качанкыга чейин жарактуу болот?

Президент администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков эски үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу маселеси боюнча түшүндүрмө берди. Анын айтымында, эски айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштырууга бир айлык мөөнөт белгиленген. Бирок бардык жарандар белгиленген убакытта үлгүрбөй калса, аларга кошумча убакыт берилет. Дайырбек Орунбеков белгилегендей, алмаштыруунун зарылдыгы бир нече себептер менен түшүндүрүлөт. Биринчиден,

Эл аралык баалуу кагаздар рыногуна чыгуу маселеси талкууланды

Бийлик

Эл аралык баалуу кагаздар рыногуна чыгуу маселеси талкууланды

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев эл аралык облигацияларды, акцияларды жана башка баалуу кагаздарды чыгаруу маселелери боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун экинчи отурумун өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Кеңешме Президенттин 2025-жылдын 29-январындагы №27 "Инвестициялык климатты өнүктүрүү жана тышкы каржылоо булактарына жетүүнү кеңейтүү боюнча айрым

Чек ара аркылуу товар жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз алып кирүүнүн жоопкерчилиги күчөйт

Экономика

Чек ара аркылуу товар жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз алып кирүүнүн жоопкерчилиги күчөйт

Мамлекеттик салык кызматы Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин мамлекеттик чек арасы аркылуу товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз алып кирүү аракеттери үчүн жоопкерчилик чараларынын күчөтүлгөндүгүн маалымдады. Билдирүүгө караганда, тиешелүү өзгөртүүлөр КРнын Укук бузуулар жөнүндө кодексине киргизилген жана 2025-жылдын 31-декабрындагы «Салык салуу, социалдык камсыздандыруу жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндөгү КРнын айрым мыйзам

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам жол тейлөө иштери күчөтүлдү

Транспорт

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам жол тейлөө иштери күчөтүлдү

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасына караштуу бардык жол тейлөө ишканалары өлкө аймагындагы жалпы пайдалануудагы унаа жолдордо жана ашууларда кышкы тейлөө иштерин күчөтүлгөн тартипте, күнү-түнү тынымсыз жүргүзүп жатышат. "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиргендей, аталган иштер негизинен Бишкек–Ош, Бишкек–Нарын–Торугарт, Суусамыр–Талас–Тараз унаа жолдорунда, ошондой

Кыргызстанда 2025-жылы жашоо минимуму 8 миң 697 сом болду

Экономика

Кыргызстанда 2025-жылы жашоо минимуму 8 миң 697 сом болду

Кыргызстанда 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча калктын жан башына эсептелген орточо жашоо минимуму 8 миң 697 сом 32 тыйын болгонун Улуттук статистика комитети маалымдады. Калктын топтору боюнча негизги көрсөткүчтөр * Эмгекке жарамдуу калк — 9 миң 738 сом 29 тыйын * эркектер үчүн — 9 миң 983 сом 49 тыйын * аялдар үчүн — 9 миң 694 сом

Кыргызстанда тигүү тармагынын 72%ы мыйзамсыз эмгек күчүн колдонот

Экономика

Кыргызстанда тигүү тармагынын 72%ы мыйзамсыз эмгек күчүн колдонот

Бүгүнкү күндө тигүү тармагынын 72%ы мыйзамсыз эмгек күчүн жана чет өлкөлүк жумушчуларды колдонуп жатканын "Ала-Тоо" депутаттык тобунун жыйынында ишкер Асель Атабекова билдирди. Ал бул маалымат расмий эмес статистика экенин белгиледи. "Бизде чет өлкөлүк жумушчуларды тартууга мүмкүнчүлүк пайда болду. Бирок биздин мыйзамдар, тактап айтканда, Эмгек кодексинин чет

Алкоголь жана тамеки товарларын ташууда жаңы пломба системасы киргизилет

Экономика

Алкоголь жана тамеки товарларын ташууда жаңы пломба системасы киргизилет

11-февралдан тартып Кыргызстанда алкоголь жана тамеки продукциясын экспорттоо жана импорттоодо навигациялык пломбаларды милдеттүү колдонуу киргизилет. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматында өткөн жыйындан билдирилди. Иш-чарага Салык кызматынын жана Бажы кызматынын өкүлдөрү, Экономика министрлиги, ошондой эле бизнес коомчулугу катышты. Жыйындын жүрүшүндө бизнеске ЕАЭБдин талаптарына ылайык пломбаларды колдонуу тартиби жана эрежелери түшүндүрүлдү. Салык