акыркы жаңылыктар

Ошто Ак-Буура дарыясынын жээгинде 10 гектар жерге сейил бак курулат

Коом

Ошто Ак-Буура дарыясынын жээгинде 10 гектар жерге сейил бак курулат

Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясынын жээгинде 10 гектардан ашуун аймакка жаңы сейил бак куруу пландалууда. Бул тууралуу Ош шаардык муниципалитети билдирди. Маалыматка ылайык, жакында шаар мэри Жанарбек Акаев тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте Ак-Буура дарыясынын жээгине рейд жүргүзүп, аймактын абалы жана аны өнүктүрүү боюнча иштер менен жеринде таанышты.

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу май кору эки айга жетет — нефть трейдерлери

Транспорт

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу май кору эки айга жетет — нефть трейдерлери

Кечээ Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын өкүлдөрү Кыргызстандагы эң ири нефть трейдерлери менен жолугушуу өткөрүштү. Ведомствонун маалыматына ылайык, жолугушууда мунай заттарынын кору, баа абалы жана мунай продукцияларын ички рынокко туруктуу жеткирүү маселелери каралды. "Сакталып жаткан геосаясий чыңалуу шартында күйүүчү-майлоочу материалдар рыногундагы кырдаал кызматтын көзөмөлүндө жана кыска мөөнөттө өлкөнүн

Кара-Суудагы Савай айылында ирригация маселеси быйыл толук чечилет

Коом

Кара-Суудагы Савай айылында ирригация маселеси быйыл толук чечилет

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин кеңешме-жыйынында Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Савай айыл аймагындагы ирригация маселеси толугу менен чечилери белгиленди. Бул тууралуу министрдин орун басары, Суу ресурстары башкармалыгынын башчысы Алмаз Жээналиев билдирди. Анын айтымында, Савай айылындагы коллектор-дренаж тармагын калыбына келтирүү боюнча иштер

А.Касымалиев 4 күндө тургузулган имараттын өзгөчөлүгү менен таанышты

Кыймылсыз мүлк

А.Касымалиев 4 күндө тургузулган имараттын өзгөчөлүгү менен таанышты

МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкек шаарындагы жаңы технологиялык ыкма менен курулуп жаткан курулушту жеринде көрдү. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, имараттын негизги каркасы заводдо даярдалган 24 ири темир-бетон блоктон туруп, болгону 4 иш күнүндө (фундаменттик иштерди эсепке албаганда) монтаждалган. Ошондой эле индустриалдык модулдук система сейсмикалык

Бишкекте  100дөн ашык автоунаа айып короого коюлду

Транспорт

Бишкекте 100дөн ашык автоунаа айып короого коюлду

4-мартта Бишкек шаарында Жол кыймылынын эрежелерин бузуп токтотулган жана токтотуу үчүн акысы төлөнбөгөн автоунааларды аныктоо боюнча рейддик иш-чаралар өткөрүлдү. Шаар мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, рейддер борбор калаанын бардык райондорунда жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында мыйзам бузуу менен токтотулган 100дөн ашык автоунаа айып короого эвакуацияланды. Бишкек РИИББинин патрулдук кызмат башкармалыгынын кызматкерлери

Былтыр 561 медициналык мекеме текшерилип анын 263ү жабылган

Саясат

Былтыр 561 медициналык мекеме текшерилип анын 263ү жабылган

Саламаттык сактоо министрлиги 2025-жылы өлкө боюнча жеке медициналык чөйрөдө кеңири текшерүү жүргүзүлгөнүн “Кабар” агенттигинин “Элден собол” берүүсүндө министрликтин лицензиялоо бөлүмүнүн башчысы Аман Осмонов билдирди. Анын айтымында, мыйзамсыз ишкердикти аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иш-чаралардын алкагында министрликтин облустардагы координаторлоруна тиешелүү тапшырмалар берилген. Жалпысынан 561 мекеме — жеке клиника, реабилитациялык борбор,

Жалал-Абадда саатына 360 куб метр ташты майдалоочу завод  жакында ишке кирет

Экономика

Жалал-Абадда саатына 360 куб метр ташты майдалоочу завод жакында ишке кирет

Бүгүн президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев Манас шаарында курулуш иштери аяктап калган жаңы таш майдалоочу завод менен таанышты. Өкүлчүлүктүн маалыматына караганда, завод саатына 360 куб метрге чейин өндүрүш кубаттуулугуна ылайыкташкан. Учурда курулуш иштери дээрлик жыйынтыкталып, завод ишке киргизүүгө даяр абалда турат. Завод Көк-Арт дарыясынын жээгине курулгандыктан, облустук

ӨКМ айдоочуларды ишке чакырат

Саясат

ӨКМ айдоочуларды ишке чакырат

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрт өчүрүү унаасын айдоочуларды жумушка чакырат. Ведомствонун маалыматына караганда, талапкерлер 21 жаштан жогору, ден соолугу чың, соттуулугу жок, Кыргызстандын жараны болууга тийиш. В жана С категориясындагы 3 жылдан кем эмес тажрыйбасы бар айдоочулук күбөлүгү (Е – артыкчылык) болушу керек. Документтер 2026-жылдын 4-мартынан 4-апрелине чейин кабыл

Кыргызстанда калктын кирешесинин 47%ы калктын эң бай 20%ынын колунда

Экономика

Кыргызстанда калктын кирешесинин 47%ы калктын эң бай 20%ынын колунда

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда мүлктүк теңсиздик жогору бойдон калууда. Улуттук статистикалык комитеттин бюллетенине ылайык, калктын жалпы акчалай кирешесинин 47%ы эң камсыз болгон 20% жарандардын колунда топтолгон. Экономикада бул көрсөткүч квинтилдик коэффициент деп аталат. Ал коомдогу социалдык теңсиздиктин деңгээлин көрсөтөт. Калктын бештен бири дээрлик бардык каражаттын жарымына ээ болушу

Бишкекте ЭМУнун “1+1” пилоттук программасынын жыйынтыктары чыгарылды

Коом

Бишкекте ЭМУнун “1+1” пилоттук программасынын жыйынтыктары чыгарылды

Бүгүн Бишкек шаарында “Жергиликтүү өнүгүүнү жана миграция мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөө: “1+1” шайкеш гранттар программасы жана дипломатиялык платформа” аттуу иш-чара өтүп, коопсуз жана мыйзамдуу миграция жолдорун кеңейтүү, ошондой эле жергиликтүү коомчулуктардын өнүгүүсүнө багытталган долбоорлордун жыйынтыктары сунушталды. Иш-чаранын жүрүшүндө Эл аралык миграция уюму (ЭМУ/МОМ) ишке ашырып жаткан “1+1”

Жакынкы Чыгыштан 2200дөй кыргызстандык эвакуация кылууну суранган

Коом

Жакынкы Чыгыштан 2200дөй кыргызстандык эвакуация кылууну суранган

4-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн эвакуациялоо өтүнүчү менен дипломатиялык өкүлчүлүктөргө болжол менен 2200 кыргызстандык кайрылганын билдирди. Бириккен Араб Эмираттары БАЭден эң көп кайрылуулар түшкөн жана бул жакта болжол менен 10 миңге жакын кыргызстандык бар. Алардын ичинен 1200 адам эвакуация сураган.

Жыл башынан бери тоо-кен тармагында 20 лицензия берилди

Коом

Жыл башынан бери тоо-кен тармагында 20 лицензия берилди

Жыл башынан бери 20 компаниянын лицензия алуу боюнча арыздары каралып, канааттандырылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, берилген лицензиялардын ичинен 12си көмүр, 3ү мунай жана газ, 3ү алтын, ал эми 2си курулуш материалдары (неруддук материалдар) боюнча берилген. Белгиленгендей, кабыл алынган чечимдер тоо-кен тармагын