Экономика
Таласта таш иштетүүчү завод модернизацияланат - «Альянс Алтын» ишканасы 20 миллион сом бөлдү
Талас облусунун Манас районундагы ташты кайра иштетүүчү завод модернизацияланат. 20 млн сом өлчөмүндө каржылоо «Альянс Алтын» ишканасы тарабынан ушул эле аталыштагы өнүктүрүү фонду аркылуу берилген. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди. Компаниядан белгилешкендей, каражат кичи жана орто бизнести колдоо программасынын алкагында кайтарымдуулук негизде бөлүнгөн. Завод өндүрүштүк жабдууларды сатып алып,