Коом
Акылбек Жапаров 10 күндүн бардык көзөмөл-өткөрүү пункттарынын айланасында тартипти орнотууну тапшырды
Министрлер rабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийлик органдарына өлкөдөгү бардык көзөмөл-өткөрүү пункттарынын айланасында жана аймагында тартипти орнотууну тапшырды. Бул тууралуу минкаб билдирди. Такталгандай, тиешелүү тапшырмаларды ал «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрүү пунктунун ишмердүүлүгүн көргөн учурунда берди. Минкаб төрагасы өлкө жарандарынын жана конокторунун көзөмөл-өткөрүү пунктары аркылуу өтүү учурунда аларга ыңгайлуу