Акылбек Жапаров 10 күндүн бардык көзөмөл-өткөрүү пункттарынын айланасында тартипти орнотууну тапшырды

Акылбек Жапаров 10 күндүн бардык көзөмөл-өткөрүү пункттарынын айланасында тартипти орнотууну тапшырды

Министрлер  rабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийлик органдарына өлкөдөгү бардык көзөмөл-өткөрүү пункттарынын айланасында жана аймагында тартипти орнотууну тапшырды. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Такталгандай, тиешелүү тапшырмаларды ал «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрүү пунктунун ишмердүүлүгүн көргөн учурунда берди.

Минкаб төрагасы өлкө жарандарынын жана конокторунун көзөмөл-өткөрүү пунктары аркылуу өтүү учурунда аларга ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Ал көзөмөл-өткөрүү пунктуна жакын жайгашкан жерлерди көрүп жатып, иштебей турган күркөлөрдү жана имараттарды демонтаждоо, айлананын тазалыгын сактоо жана көрктөндүрүү, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жагынан тартипти калыбына келтирүү зарылдыгын белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Көлдөгү балдардын ден соолугун чыңдоо борборлору текшерилди

Ысык-Көлдөгү балдардын ден соолугун чыңдоо борборлору текшерилди

Кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Мурадил Жумадилде уулу Ысык-Көл облусундагы "Ден соолук" жана "Дзержинец" балдардын ден соолугун чыңдоо борборлоруна барды. Федерациянын маалыматына ылайык, иш сапардын жүрүшүндө лагерлердеги жатакана шарттары, балдардын тамактануусу, медициналык тейлөөсү жана коопсуздук чаралары текшерилди. Ошондой эле төрага лагердин кызматкерлери жана эс алып жаткан

Акыйкатчы Караколдо майыптыгы бар адамдар үчүн шарт түзүүнү талап кылды

Акыйкатчы Караколдо майыптыгы бар адамдар үчүн шарт түзүүнү талап кылды

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Ысык-Көл облусунун жергиликтүү бийлик органдарын майыптыгы бар адамдар үчүн жеткиликтүү шарттарды түзүүгө жана Караколдогу авариялык абалдагы турак үйдү оңдоп-түзөөгө чакырды. Акыйкатчы институтунун маалыматына ылайык, мекеменин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү Азиздер жана дүлөйлөр коомунун Караколдогу окуу-өндүрүштүк ишканасында байкоо жүргүзгөн. Кызматкерлер жашаган эки кабаттуу, тогуз батирлүү

Абанын ысышынан улам тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн

Абанын ысышынан улам тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн

Кыргызстандын тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында сел жүрүү жана суу ташкыны коркунучу бар. Бул тууралуу Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты. Маалыматка ылайык, 9-июлдан 13-июлга чейин өлкө аймагында абанын температурасы жогорулап, тоолуу райондордо мөңгүлөр эриши ыктымал. Ал эми айрым аймактарда жаан-чачын болуп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн. Адистер жарандарды

Раззаковго багыт алган учак техникалык мүчүлүштүктөн улам кайра Бишкекке конду

Раззаковго багыт алган учак техникалык мүчүлүштүктөн улам кайра Бишкекке конду

9-июлда "Асман Эйрлайнс" авиакомпаниясынын Бишкектен Раззаков шаарына багыт алган учагы техникалык мүчүлүштүктөн улам "Манас" эл аралык аэропортуна кайра конду. "Кыргызстан аэропорттору" ААКнын маалыматына ылайык, учуу маалында экипаж техникалык көйгөй тууралуу эскертүү индикатору күйгөнүн байкаган. Коопсуздук максатында учкучтар көрсөтмөгө ылайык учакты Бишкекке кайтаруу чечимин