Бишкекте 41.6 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Бишкекте 41.6 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Бишкектин Тоголок Молдо жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишиндеги 0.072 гектар жер тилкесин шаардык мэриясынын балансына кайтарды.

Тактап айтканда, жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 2008-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын айрым кызмат адамдары ишкердик субъектинин өкүлү менен тил табышып алып, Фрунзе көчөсүндөгү муниципалдык жер тилкесин (Панфилов паркындагы жайкы кинотеатр) ар кандай оюн зоок жайларын долбоорлоо жана куруу үчүн жеке менчике мыйзамсыз бөлүп беришкендиги аныкталган.

Аталган жер тилкеси И. Панфилов паркынын аймагына таандык болуп, калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы жери болуп эсептелинет.  Бишкек шаарынын башкы планына жана КР Жер кодексине ылайык калктуу конуштардагы жалпы пайдалануудагы жер тилкелери жеке менчикке берилбейт.

Жүргүзүлгөн комплекстүү иш-чаралардын натыйжасында козголгон кылмыш ишинин алкагында, жер тилкесин негизги менчик ээсине мыйзамсыз берүү фактысы далилденген жана бүгүнкү күнгө чейин аталган жер тилкеси бир нече жолу сатылып, акыркы менчик ээси М.С.У. аттуу жаран, жогоруда көрсөтүлгөн аянты 0,072 гектар, болжолдуу  баасы 41.6 млн сом болгон жер тилкени муниципалдык менчикке кайтарымсыз негизде өткөрүп берген.

Учурда бул фактыга тиешеси бар кызмат адамдарын жана башка тараптарды  аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан Австрияда тоолуу аймактарды өнүктүрүү маселелерин көтөрдү

Кыргызстан Австрияда тоолуу аймактарды өнүктүрүү маселелерин көтөрдү

Кыргызстандын делегациясы Австрияда тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү маселелери боюнча бир катар жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу президенттин админстрациясы билдирди. Вена шаарында өткөн "Тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү үчүн эл аралык тоо күн тартибин илгерилетүү" аттуу тегерек үстөлдө тоо экосистемаларын коргоо, эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү жана биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу маселелери

Социалдык тармактагы сындан кийин Аламүдүн суусу тазаланып жатат

Социалдык тармактагы сындан кийин Аламүдүн суусу тазаланып жатат

Аламүдүн суусунун таштандыларга жана желим бөтөлкөлөргө толуп калганы тууралуу социалдык тармактарда тараган маалыматтан кийин тиешелүү кызматтар тарабынан ыкчам чаралар көрүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди. Учурда Ленин айылындагы аймакта Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын, Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын жана Достук айыл өкмөтүнө караштуу муниципалдык

Климаттык каржылоо жана "жашыл" инвестициялар боюнча талкуу өттү

Климаттык каржылоо жана "жашыл" инвестициялар боюнча талкуу өттү

Экономика жана коммерция министрлигинде "Кыргызстанда климаттык каржылоо, ESG жана көмүртек рыногу: кызматташтык үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр" аттуу сессия өттү. Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чара Климаттык каржылоо борбору менен биргеликте уюштурулуп, ага мамлекеттик органдардын жана каржы кызматынын өкүлдөрү, ошондой эле өнөктөштөр катышты. Жолугушууда туруктуу каржылоонун заманбап ыкмалары, климаттык

Баткенде 1200дөн ашуун окуучу билим алган мектеп оңдолууда

Баткенде 1200дөн ашуун окуучу билим алган мектеп оңдолууда

Баткен районундагы Бото Нарматов атындагы инновациялык жалпы билим берүү мектеби толугу менен оңдолуп жатат. Агартуу министрлигинин маалыматына ылайык, аталган окуу жай өлкө боюнча инновациялык макам алган 53 мектептин катарына кирет. Учурда мектепте STEM кабинеттерин, спорт залды, китепкананы, мугалимдер бөлмөсүн, фойени жана санитардык түйүндөрдү оңдолууда. Ошондой эле имараттын сырты да жаңыланат.