Коом
Таласта көмүргө мониторинг жүргүзүлдү
2023-жылдын 8-декабрында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Таластагы көмүр сатылуучу жайларга мониторинг жүргүздү. Иш-чаранын жүрүшүндө көмүр отунун баасына байкоолор жана ишкерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бүгүнкү күндө Талас облусунун Талас шаарынын социалдык көмүр базасында жергиликтүү көмүр 1 тоннасы 5 900 сомдон, ал эми импорттук көмүрдүн 1 тоннасы 8 200 сомдон сатылууда.