Энергетика
КРда электр энергиясына тарифтердин көтөрүлүшү энергетика тармагынын абалына эч кандай деле таасир эткен жок – эксперт
Энергетика боюнча эксперт Расул Умбеталиев Economist.kg басылмасына курган маегинде электр энергиясына болгон тарифтердин көтөрүлүшү анчалык деле жыйынтык бербегенин айтты. Эксперт акыркы жылдары өкмөт электр энергиясына болгон тарифти көтөрүүгө өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиледи. Бул кирешени көбөйтүү үчүн жасалууда. Быйылкы жылы да электр энергиясынын өздүк наркы калк үчүн да кымбаттады.