Экономика
Өкмөт кытайлык компаниялар менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулады
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кытайлык China North Industries Group Corporation Limited (Norinco) компаниясынын өкүлдөрүн кабыл алды. Бул тууралуу минкаб билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ишмердүүлүктүн түрдүү тармактарында кызматташуунун багыттарын, анын ичинде өнөр жай өндүрүшүн жогорулатуу, геология жана геологиялык чалгындоо маселелерин талкуулашты. Жапаров эки тараптуу мамилелерди активдүү бекемдөөгө өбөлгө боло турган