УКМК Көлбаевдин дагы бир нече мүлкүн аныктады

УКМК Көлбаевдин дагы бир нече мүлкүн аныктады

Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу максатында, КР УКМК Камчы Асанбектин (Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө карата «кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо)» фактысы боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу УКМК эскертти.

Текшерүүнүн жүрүшүндө бир катар кыймылсыз мүлк объекттери аныкталган:

·         «Илбирс-Саадат» эс алуу борборундагы коттедж;

·         Чолпон-Ата шаарындагы соода борбору;

·         «Коста Браво» эс алуу борборундагы коттедж;

·         «Бурана Резорт» эс алуу борбору.

Учурда кылмыш жолу менен алынган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү аныктоо боюнча иш-чаралар уланууда.

Мындан тышкары окуңуз

Бизнес үчүн инвестициялык механизмдерди киргизүү боюнча Дүйнөлүк банк менен келишим түзүлдү

Бизнес үчүн инвестициялык механизмдерди киргизүү боюнча Дүйнөлүк банк менен келишим түзүлдү

Кыргызстанда бизнеске каражат тартуунун жаңы механизмдерин өнүктүрүү боюнча Экономика жана коммерция министрлиги менен Дүйнөлүк банк тобунун ортосунда кызматташтык жөнүндө келишим түзүлдү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен кабарлашты. Билдирүүгө караганда, документке 7-октябрда экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов менен Дүйнөлүк банк тобунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Хью Ридделл

Ишкер Media
Кыргызстанда мейманкана жана ресторан кызматтарынын көлөмү 80 млрд сомго жакындады

Кыргызстанда мейманкана жана ресторан кызматтарынын көлөмү 80 млрд сомго жакындады

Кыргызстанда 2025-жылы мейманканалар жана ресторандар көрсөткөн кызматтардын көлөмү 80 млрд сомго жакындады. Бул 2024-жылга салыштырмалуу 24,6% көп. Мындай маалымат Улуттук статистика комитетинин “Кыргыз Республикасынын керектөө рыногу 2021–2025” басылмасында белгиленген. Аталган маалыматка ылайык, 2021-жылга салыштырмалуу бул тармактагы кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү 2,6 эсеге өскөн. Жалпы көлөмдүн

Ишкер Media
Чаарат кени: Канадалык компания 60 млн доллар которду

Чаарат кени: Канадалык компания 60 млн доллар которду

Канадалык Silvercorp Metals компаниясы Кыргызстандын өкмөтүнө Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Чаарат алтын кенинин Түлкүбаш жана Кызылташ тилкелерин иштетүү үчүн 60 млн доллар которду. Бул тууралуу инвесторлордун презентациясында маалымдалат. Компаниянын лицензиясы 30 жылга (2062-жылга чейин) узартылгандан кийин каражатты Кыргызстандын инвестициялар боюнча улуттук агенттигине которгон. Тараптар сүйлөшүлгөндөй биргелешкен ишкана түзүлдү,

Ишкер Media
Улуттук банк банктар жана алмашуу бюролору үчүн бир катар талаптарды өзгөрттү

Улуттук банк банктар жана алмашуу бюролору үчүн бир катар талаптарды өзгөрттү

Кыргызстандын Улуттук банкы мыйзамдарга ылайык келтирүү максатында өзүнүн бир катар ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизди. Өзгөртүүлөр банктардагы, банк эмес финансы-кредит уюмдарындагы, төлөм уюмдарындагы жана алмашуу бюролорундагы ички көзөмөл, укук бузууларды кароо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүү талаптарын камтыйт. Маанилүү өзгөрүүлөрдүн бири - банктарда кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга жана кылмыштуу ишти

Ишкер Media