Экономика
Кыргызстан Түркиядан өзүнүн балы менен өрүгүнө бажы төлөмдөрүн төмөндөтүүнү суранды
2023-жылдын 18-октябрында КРнын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Түркиянын Айыл чарба жана токой чарба министри Ибрагим Юмаклы менен жолукту. Бул тууралуу ТИМ билдирди. Жолугушууда тараптар айыл чарба жана токой чарбасы жаатында эки тараптуу кызматташуу маселелерин, ошондой эле Кыргызстандан Түркияга айыл чарба продукцияларын экспорттоо жана бул жаатта тажрыйба алмашуу маселелерин кеңири талкуулашты.