Экономика
Нарында 800дөн кем эмес жаңы жумуш орундары түзүлүүсү күтүлүүдө
2023-жылдын аягына чейин Нарын облусунун аймагында 800дөн кем эмес жаңы жумуш орундары пайда болот. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов билдирди. Маалыматта айтылгандай, Солтон-Сары алтын кенинин ишке кириши менен 314 адам жумуш менен камсыз болду. Анын 216сы жергиликтүү тургундар. Мындан сырткары «Куланак» ГЭСинин курулушу кызуу жүрүп