Коом
Быйыл "Жашыл мурастын" алкагында 9 млн көчөт отургузуу пландалууда
"Жашыл мурас" улуттук кампаниясынын алкагында республика боюнча 3 250 гектардан ашуун аянтка 3 миллион 820 миңден ашуун көчөт отургузулду. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникаклык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Жергиликтүү мамлекеттик органдардын маалыматына ылайык, учурда өлкө аймагында 3 250,648 гектар жерге 3 820 663 түп көчөт отургузулган.