акыркы жаңылыктар

Талас облусуна теңдөөчү трансферт 5 айдын ичинде 88.1 млн сом түздү

Талас облусуна теңдөөчү трансферт 5 айдын ичинде 88.1 млн сом түздү

Талас облусу боюнча 2023-жылдын 5 айынын  ичинде республикалык бюджеттин эсебинен жалпысынан бюджеттер аралык трансферттер 88.1 млн сом өлчөмүндө акча каражаты каржыланган. Бул тууралуу Финансы министрлиги маалымдады. Каражатты ичинде: · теңдөөчү трансферт – 80.3 млн сом; · Ыйгарым укуктарды берүүгө – 6.7 млн сом; · Электрэнергия болгон 50% компенсациясына – 1.1 млн сом.

«Бишкекбашкыархитектура» Бишкекте электр унааларын кубаттоо пункттарын текшерди

«Бишкекбашкыархитектура» Бишкекте электр унааларын кубаттоо пункттарын текшерди

Президенттик аппараттын өкүлү, КР Экономика жана коммерция министринин орун басары, ошондой эле «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик ишканасынын башкы инженери жана башка кызматтар Бишкекте электр унааларын кубаттоо пункттарын текшеришти. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады. Эки жеке компаниянын өкүлдөрү алгач Жукеев-Пудовкин көчөсүндө, андан соң борбор калаанын мэриясынын артындагы Киев көчөсүндөгү бүткөрүлгөн иштерди көрсөтүштү.

Бишкектин мэриясы соода жайларын ижарага алуу үчүн борбордогу сейил бактарддын тизмесин жарыялады

Бизнес

Бишкектин мэриясы соода жайларын ижарага алуу үчүн борбордогу сейил бактарддын тизмесин жарыялады

Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинде соода жайларын ижарага ала турган парктардын тизмеси бекитилди. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады. Такталгандай, соода жайларды кийинки парктарда жайгаштырса болот: А. Боталиев, Ч. Түлөбердиев, Жаштар паркы, Ю. Фучик паркы, Кайың багы, Жаңгак багы, Каражыгач токою. Жогорудагы парктарда соода объектилери үчүн орундарды ижарага алууга болот.

Баткенге ипотекалык үйлөр курулат – турак жайлар пайдаланууга 2024-жылы берилет

Баткенге ипотекалык үйлөр курулат – турак жайлар пайдаланууга 2024-жылы берилет

Мамлекеттик ипотекалык компаниясы, Баткен облустук курулуш жана инженердин инфраструктура башкармалыгы, Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагы ипотекалык үйлөрдү куруу боюнча үч тараптуу келишимге кол коюшту. Бул тууралуу  КРнын президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 20 турак үй Баткен районун Ак-Сай айыл аймагынын Таш-Дөбө участкасына курулат.

Баткен облусуна электроэнергиянын 50% компенсациясына 27.8 млн сом бөлүндү

Баткен облусуна электроэнергиянын 50% компенсациясына 27.8 млн сом бөлүндү

Баткен облусуна 2023-жылдын 5 айынын  ичинде республикалык бюджеттин эсебинен жалпысынан бюджеттер аралык трансферттер 217.5 млн сом өлчөмүндө акча каражаты берилген. Бул тууралуу Финансы министрлиги кабарлады. Ал каражаттын ичинен: · теңдөөчү трансферт – 136.8 млн сом; · ыйгарым укуктарды берүүгө – 13 млн сом; · электроэнергия болгон 50% компенсациясына – 27.8 млн сом; · башкы

Жогорку Кеңеште туризм боюнча мамлекеттик агенттик түзүүнү сунушталды

Бийлик

Жогорку Кеңеште туризм боюнча мамлекеттик агенттик түзүүнү сунушталды

Депутат Надира Нарматова туризм тармагындагы маселелерди көтөрүп, мамлекеттик агенттик түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу парламент маалымдады. Такталгандай, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Надира Нарматова билдирүү жасады. «Кыргызстан 22 түрдүү экосистемага ээ болгон олуттуу рекреациялык потенциалы бар өлкө. Ички жана эл аралык туризмди өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүктөрүбүз бар. Кыргызстанда 5000ден ашык тарыхый эстеликтер табылган.

2023-жылдын башынан бери Чүй облусуна 151.8 млн сом бөлүндү

2023-жылдын башынан бери Чүй облусуна 151.8 млн сом бөлүндү

2023-жылдын 5 айында Чүй облусуна 151.8 млн сом бөлүндү. Республикалык бюджеттен каржылоо боюнча маалыматты Финансы министрлиги берди. Каражаттын ичинде: Чүй облусу боюнча 2023-жылдын 5 айынын ичинде республикалык бюджеттин эсебинен жалпысынан бюджеттер аралык трансферттер 151.8 млн сом өлчөмүндө акча каражаты каржыланган, анын ичинен: · теңдөөчү трансферт – 129.4 млн сом;

Баткенде 44 социалдык обьекттин курулушу жүрүүдө

Баткенде 44 социалдык обьекттин курулушу жүрүүдө

2023-жыл ичинде республикалык бюджеттин эсебинен Баткен облусу боюнча жалпы 44 социалдык объекттин курулушу каралган. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. Курулуштун ичинен 21 объект капиталдык курулуш болсо, 17 объект капиталдык оңдоп түзөө, 6 объект таза суу түтүгүн тартуу. Аталган 44 объектиге 266 млн 843миң

Жыл башынан бери санариптештирүүгө 146.8 млн сом бөлүндү

Жыл башынан бери санариптештирүүгө 146.8 млн сом бөлүндү

2023-жылы КРсын санариптик трансформациялоонун алкагында 500 млн сом өлчөмүндө каражат каралган. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди. Такталгандай, 500 млн сомдон 146.8 млн сом өлчөмүндөгү каражаттар бөлүштүрүлдү. Маалымат катары, мамлекеттик органдар санариптештирүү үчүн каралган каражаттардын алкагында жалпы суммасы 349.3 млн сомду түзгөн. 2023-жылдын 5 айынын жыйынтыгы боюнча республикалык бюджеттен

Энергетика министри жогорку чыңалуудагы көмөкчордондорду реконструкциялоо иштерин текшерди

Энергетика министри жогорку чыңалуудагы көмөкчордондорду реконструкциялоо иштерин текшерди

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Бишкек ЭТИнин «Ала-Арча» жана Чүй ЭТИнин «Кудайберген» көмөкчордондорунун реконструкциядлоо иштери менен таанышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Министр алгач «Ала-Арча» көмөкчордонуна барып, жаңыланып жаткан автотарнсфрматорлор тууралуу жеринде маалымат алды. 2023-жылы январь айындагы катуу суукта калк электр энергиясын ашыкча колдонгондуктан бул көмөкчордонго күч келген. Мындан улам

Ош облусунда заманбап бала бакча курулуп бүттү – баасы 32 млн сом

Коом

Ош облусунда заманбап бала бакча курулуп бүттү – баасы 32 млн сом

Ош облусунун Кара-Суу районунун Талдык айылында бала бакчанын курулушу бүткөрүлүп, ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Ош облусундагы өкүлчүлүк кабарлады. Маалыматка ылайык, Талдык айылындагы курулуш республикалык бюджеттин эсебинен бүткөрүлгөн, жалпы сметалык баасы 32 млн сом болгон. Жаңы бала бакчанын жалпы аянты 828.8 чарчы метрди түзүп, 60 кичинекей орунга ылайыкташкан.

Чек арадагы Капчыгай жана Достук айылынын ар бир үйүнө таза суу кирет

Чек арадагы Капчыгай жана Достук айылынын ар бир үйүнө таза суу кирет

Баткен районунун Капчыгай айылындагы ичүүчү таза суу долбоору ишке ашууда. Курулуш үчүн 17 млн 179миң сом каралган. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, учурда курулуштун 70% аткарылды. 5 чакырым аралыкка суу түтүктөрү жаткырылды. Курулуштун аякташы менен 100 үй-бүлө таза суу менен камсыз болот. Ушундай