«Бишкекбашкыархитектура» Бишкекте электр унааларын кубаттоо пункттарын текшерди
Президенттик аппараттын өкүлү, КР Экономика жана коммерция министринин орун басары, ошондой эле «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик ишканасынын башкы инженери жана башка кызматтар Бишкекте электр унааларын кубаттоо пункттарын текшеришти. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Эки жеке компаниянын өкүлдөрү алгач Жукеев-Пудовкин көчөсүндө, андан соң борбор калаанын мэриясынын артындагы Киев көчөсүндөгү бүткөрүлгөн иштерди көрсөтүштү.
Белгилей кетсек, бөлүштүрүүчү компаниялар бул жабдууларды кабыл алып, эсептегич орнотуулары керек. «Бишкекбашкыархитектура» электр унааларын кубаттоочу чордондорду жайгаштыруунун тармактык схемасын иштеп чыкты.
Жалпысынан чакырыктын бул этабында 30дан 60ка чейин электр кубаттоочу чордондорун орнотуу пландаштырылган.