Жогорку Кеңеште туризм боюнча мамлекеттик агенттик түзүүнү сунушталды

Жогорку Кеңеште туризм боюнча мамлекеттик агенттик түзүүнү сунушталды

Депутат Надира Нарматова туризм тармагындагы маселелерди көтөрүп, мамлекеттик агенттик түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу парламент маалымдады.

Такталгандай, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Надира Нарматова билдирүү жасады.

«Кыргызстан 22 түрдүү экосистемага ээ болгон олуттуу рекреациялык потенциалы бар өлкө. Ички жана эл аралык туризмди өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүктөрүбүз бар. Кыргызстанда 5000ден ашык тарыхый эстеликтер табылган. Тоо туризми жана альпинизмди өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүктөр турат»,- деп белгиледи депутат.

Нарматова Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин алкагында туризм жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгуу үчүн жумуш тобун түзүүнү сунуштады.

«Туризмди өнүктүрүү фондуна 1 млрд сом бөлүнгөн эле, бирок акча таланып-тонолуп кеткенине учурда ал фонддун жетекчиси жоопкерчиликке тартылып жатканы далил болуп турат. 14 кызматкер иштеген Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты боюнча департамент бар. Бул чоң тармакты 14 кызматкер менен өнүктүрүү мүмкүн эмес. Бүгүнкү күндө туризм тармагында так, өз ара аракеттешүү деген жок. Буга байланыштуу бирдиктүү саясатты жана программаны иштеп чыгып, туризм боюнча мамлекеттик агенттик түзүүнү сунуштайм», - деп белгиледи Нарматова.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Жолугушууда мамлекет башчысы аймактардын өнүгүүсү туруктуу өсүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи. "Алгач Баткен облусунун бюджети тууралуу сөз кыла кетейин. 2020-жылы жергиликтүү бюджеттин

Ишкер Media
Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барып, энергетикалык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Министр станциянын жабдууларынын учурдагы абалы, оңдоо иштери жана 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык менен таанышты. Маалыматка ылайык, модернизация долбоорунун алкагында Токтогул ГЭСиндеги төрт

Ишкер Media
Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. ӨКМдин маалыматына ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көлөмү 42 800 куб метрди түзөт. Жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрди

Ишкер Media
Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Лейлек районунун акими Асылбек Женишбек 2021-2026-жылдары аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, райондо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн

Ишкер Media