Апрелде бажы төлөмдөрү 46.8 млн сомго көп чогултулду
2023-жылдын апрель айында МБК бажы төлөмдөрүн чогултуу боюнча планды ашыра аткарды. Бул тууралуу мекеме билдирди. Мамлекеттик бажы кызматы 2023-жылдын апрель айында иш жүзүндө республикалык бюджетке бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн 8.8 млрд сом суммада камсыздады. КР ФМ тарабынан белгиленген пландык көрсөткүчтөр 0.5% аткарылды же 46.8 млн сомго көп чогултулду.