акыркы жаңылыктар

Япония Баткенге 5.3 млн долларга жол техникасын сатып берет - ал келерки жылдын май айында келет

Экономика

Япония Баткенге 5.3 млн долларга жол техникасын сатып берет - ал келерки жылдын май айында келет

Жапон эл аралык кызматташтык агенттигинен (JICA) 5.3 млн долларлык гранттык жабдуулар Баткенге 2024-жылдын май айында келет. Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттиги билдирди. Басылманын маалыматына ылайык, Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети минкаб менен JICAнын ортосундагы «Баткен облусунун автожолдорун тейлөө боюнча техниканы жакшыртуу» долбоору боюнча гранттык

Россия Кыргызстандын бардык складдарын параллелдүү импорт менен толтуруп салды – бош жер калган жок

Экономика

Россия Кыргызстандын бардык складдарын параллелдүү импорт менен толтуруп салды – бош жер калган жок

Быйылкы жазга карата кошуна өлкөлөр аркылуу Россияга параллелдүү импорттун көлөмүнүн өсүшү ЕАЭБдеги мамлекеттердин, дагы кээ бир өлкөлөрдүн дээрлик бардык складдарынын толушуна алып келди. Кыргызстанда, Казакстанда, Тажикстанда, Арменияда жана Грузияда склад катары колдонулган бош кыймылсыз мүлк калбай калган. Бул тууралуу россиялык «Коммерсант» басылмасы жазып чыккан. Басылма NF Group консалтингдик компаниясынын (мурдагы

Казакстан эки жылга дизель майын жана авиакеросинди экспорттоого тыюу салды — бирок баарына эмес

Казакстан эки жылга дизель майын жана авиакеросинди экспорттоого тыюу салды — бирок баарына эмес

Казакстан мунай продуктуларынын айрым түрлөрүн экспорттоого тыюу салды. Бул тууралуу «Әділет» маалыматтык-укуктук системасынын порталында жарыяланган Казакстандын энергетика министринин 24-мартындагы буйругунда жазылган. «2024-жылдын 31-декабрына чейин бул буйруктун тиркемесинде көрсөтүлгөн мунай продуктуларынын түрлөрүн Казакстандан Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагынан тышкары алып чыгууга тыюу салынат», — деп айтылат энергетика министринин буйругунда. Төмөнкүлөрдү экспорттоого ты

Россельхознадзор Кыргызстандын сүт заводдорун текшергени комиссия жөнөттү

Россельхознадзор Кыргызстандын сүт заводдорун текшергени комиссия жөнөттү

Россельхознадзор 10-апрелден 16-апрелге чейин Россияга сүт азыктарын жөнөткөн Кыргызстандагы беш өндүрүүчү ишкананы текшерет. Бул тууралуу россиялык департамент билдирди. Текшерүүнүн алкагында Россельхознадзордун кызматкерлери ЕАЭБдин ветеринардык мыйзамдарында бекитилген сапат жана коопсуздук көрсөткүчтөрү боюнча сүт азыктарын текшерген лабораторияларга, ошондой эле сүт кабыл алуу пункттарына барышат. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын ветеринардык кызматы экспортко, анын

Чу дарыясы 150 гектардан ашык жерди каптап кеткен — бийлик анын жээктерин бекемдөөнү унутуп калган

Чу дарыясы 150 гектардан ашык жерди каптап кеткен — бийлик анын жээктерин бекемдөөнү унутуп калган

Чу дарыясынын жээгин бекемдөө иштеринин жетишсиз каржыланышы Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Октябрь айылына жакын 150 гектар жерди жоготууга алып келген. Бул тууралуу айыл тургундары Жогорку Кеңештин депутаттары жана тиешелүү министрликтердин өкүлдөрү катышкан дарыялардын жээктерин бекемдөө маселесин талкуулоо учурунда айтышты. Жашоочулар акыркы маалыматтар боюнча 150 гектардан ашык жерди суу каптап, Чүй

ЕАЭБ эски унаалардан арылуу үчүн автотранспортко электрондук паспортторду киргизет

Экономика

ЕАЭБ эски унаалардан арылуу үчүн автотранспортко электрондук паспортторду киргизет

ЕАЭБ өлкөлөрү автоунааларга электрондук паспорт берүүгө өтүшөт. Бул тууралуу Sputnik агенттиги уюштурган «ЕАЭБдин бирдиктүү рыногунда продукциянын коопсуздугун камсыздоо» видеоконференциясында ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу министри Виктор Назаренко билдирди. Назаренконун айтымында, электрондук паспорттун бирдиктүү формасына өтүү жарандарга биримдиктин башка өлкөсүнө автоунаа менен келип, ал жактан автоунаасын сатууга мүмкүнчүлүк берет. Анын айтымында, бирдиктүү

Кыргызстандан алыскы чет өлкөгө акча которуу жыл ичинде 21 эсе өскөн

Экономика

Кыргызстандан алыскы чет өлкөгө акча которуу жыл ичинде 21 эсе өскөн

Кыргызстандан алыскы чет өлкөлөргө акча которуулар бир жыл ичинде 21 эсеге — 0.7 млн доллардан 15 млн долларга чейин өскөн. Мындай корутунду Улуттук банктын сайтында жарыяланган маалыматтарга негизделген. Ошондой эле быйыл февраль айында кыргызстандыктар чет өлкөгө 49.5 млн доллар которгон. Быйылкы жылдын январь айына салыштырмалуу Кыргызстандын тургундары февраль айында

Жыл башынан бери Ысык-Көлгө 6.4 млн майда балык коё берилди

Жыл башынан бери Ысык-Көлгө 6.4 млн майда балык коё берилди

Жыл башынан бери Ысык-Көлгө 6.4 млн чабак коё берилген. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин балык чарба департаментинин маалыматына таянып, «Кабар» агенттиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, Ысык-Көлдүн N38 жана N40 балык уулоочу аймактарын балык менен камдоо үчүн 1.5 млн майда сига-лудога балыгы чыгарылды. Балык менен камдоо департаменттин кызматкерлери, «Ысык-Көл

Кыргызстандык ишкерлер үчүн Ozon маркетплейсинин бет ачары өтөт

Кыргызстандык ишкерлер үчүн Ozon маркетплейсинин бет ачары өтөт

14-апрелде саат 10:30да Бишкек шаарында Ozon аталган эң ири россиялык маркетплейстердин биринин практикалык конференция-презентациясы өтөт. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, презентациянын алкагында кыргызстандык ишкерлерге өлкөдөгү онлайн-базарларды өнүктүрүү боюнча алдыда боло турган иш-чаралар, ошондой эле өз товарларыңды Ozon соода аянтчасына алып чыгуу жана кызматташуунун башка

Бишкекте батирлердин ижара акысы төмөндөй баштады — эксперт

Экономика

Бишкекте батирлердин ижара акысы төмөндөй баштады — эксперт

Бишкекте батирлерди ижарага алуунун орточо айлык баасы март айында төмөндөй баштаган. Мындай маалыматты Economist.kg басылмасына Кыргызстандагы House.kg кыймылсыз мүлктү сатуу жана ижарага берүү онлайн-платформасынын аналитиктери билдирди. 2022-жылы бир катар факторлор Бишкек шаарында ижара акысынын олуттуу өсүшүнө алып келген. House.kg сайтынын аналитика бөлүмүнүн маалыматы боюнча, алардын эң негизгилери:

Мигранттар которгон акча февраль айында көбөйгөн, бирок былтыркыга салыштырмалуу бир топ аз

Мигранттар которгон акча февраль айында көбөйгөн, бирок былтыркыга салыштырмалуу бир топ аз

Быйылкы жылдын февраль айында мигранттар Кыргызстанга $151.4 млн которгон. Жыл башына салыштырмалуу мигранттардан түшкөн каражаттын агымы көбөйгөн. Ал эми өткөн жылдын февраль айына салыштырмалуу олуттуу азайган. Мындай корутунду Улуттук банктын сайтында жарыяланган маалыматтарга негизделген. Ошентип, бул жылдын январь айына салыштырмалуу мигранттар Кыргызстанга дээрлик 3.5% га көп акча которгон.

Ак-Суу районунда пластикти кайра иштетүүчү завод курулду

Ак-Суу районунда пластикти кайра иштетүүчү завод курулду

Ак-Суу районунда пластмассаны кайра иштетүүчү завод курулду. Бул тууралуу Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан билдиришти. Фонддон билдиришкендей, ишкана жакынкы күндөрү ишин баштайт. Курулушка 20 млн сом бөлүнгөн. Каражат 2022-жылы жеке компанияга түшкөн. Ишкана буга чейин 30 жумушчуну кабыл алган, алардын орточо айлык акысы 25 миң сомду түзөт. Завод суткасына эки тоннага