ЕАЭБ эски унаалардан арылуу үчүн автотранспортко электрондук паспортторду киргизет

ЕАЭБ эски унаалардан арылуу үчүн автотранспортко электрондук паспортторду киргизет

ЕАЭБ өлкөлөрү автоунааларга электрондук паспорт берүүгө өтүшөт. Бул тууралуу Sputnik агенттиги уюштурган «ЕАЭБдин бирдиктүү рыногунда продукциянын коопсуздугун камсыздоо» видеоконференциясында ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу министри Виктор Назаренко билдирди.

Назаренконун айтымында, электрондук паспорттун бирдиктүү формасына өтүү жарандарга биримдиктин башка өлкөсүнө автоунаа менен келип, ал жактан автоунаасын сатууга мүмкүнчүлүк берет. Анын айтымында, бирдиктүү система биримдиктин бир өлкөсүнөн экинчи өлкөгө каттаган, сатылган, бир мамлекетте өндүрүлгөн жана башка мамлекетте сатылган транспортту көзөмөлдөө маселеси кызуу талкууланууда. Экинчи этапта транспортко өлкө ичинде жарактуу электрондук паспортторду берүүгө өтүш керек.

Ошол эле учурда Назаренко электрондук унаа паспортторунун бирдиктүү системасын ишке ашыруу биз каалагандай тез жүрбөй жатат деп нааразычылыгын билдирди. Бул жагынан Орусия эң алдыда. Бирок башка мамлекеттерде да иштер жүрүп жатат, анын ичинде Кыргызстан да бар.

«Кыргызстан менен Армения өз ыкмаларын иштеп чыгууда. Биринчи этапта алар балким администратор менен лицензиялык келишим аркылуу иштеп, электрондук паспортко өтүшөт. Андан ары Кыргызстан, биздин билишибизче, электрондук паспорттордун өзүнүн механизми болушу үчүн өзүнүн маалыматтык системасын түзүүнү көздөп жатат. Бул юридикалык жана жеке жактарга тийиштүү өтө маанилүү, пайдалуу, бирок оор процесс. Түпкү максат – бардык унаалардын тоскоолдуксуз жүрүү мүмкүнчүлүгүн түзүү. Эгерде ЕАЭБге ташылып келинген нерселердин бардыгын жакшылап көзөмөлдөсөк, базарларыбызды таштандыга кетчү эски унаалардан коргой алабыз», — деди министр.

Мындан тышкары окуңуз

Жыргалаң курорттук шаарчасында 23 коттедж курулууда

Жыргалаң курорттук шаарчасында 23 коттедж курулууда

Жыргалаң курорттук шаарчасынын аймагында конокторду жайгаштыруу үчүн 23 жыгач коттедж курулууда. Бул тууралуу "Ала-Too Resort" ААКтан билдиришти Ар бир үй 6 адамга ылайыкталып, жалпысынан 138 орун каралган. Учурда айрым коттедждердин жыгач конструкциялары тургузулуп, чатырлары жабылды. Калган үйлөрдө конструкцияларды чогултуу иштери жүрүп жатат. Коттедждер Жыргалаң курорттук шаарчасынын биринчи

Дары өндүргөн ата мекендик ишканалар өнөктөштөргө тааныштырылды

Дары өндүргөн ата мекендик ишканалар өнөктөштөргө тааныштырылды

"Кыргызфармация" менен Кыргызстандагы Казакстандын бирдиктүү дистрибьютору — "СК-Фармация" ЖЧКсынын өкүлдөрү ата мекендик фармацевтикалык жана логистикалык ишканалардын иши менен таанышты. Аталган мекемеден билдиришкендей, алар жергиликтүү ишканалардын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн, технологиялык иштерин жана чыгарылып жаткан дары-дармектердин түрлөрүн көрүп чыгышты. Маалыматка ылайык, иш сапар "Кыргызфармация» менен "СК-

Ошто 2,6 млн сомдук коштомо документтери жок буюмдар аныкталды

Ошто 2,6 млн сомдук коштомо документтери жок буюмдар аныкталды

Ош шаарындагы эл аралык аба майданынан тиешелүү коштомо документтери жок суркүзөн терисинен жасалган буюмдар аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Орусиядан келген жарандардын жүктөрүн текшерүү учурунда жалпы 555 даана баш кийим жана 270 даана суркүзөндүн териси табылган. Жүктүн жалпы болжолдуу баасы 2,6 млн сомду түзөт. Ошол эле

Кыргызстанга абердин-ангус породасындагы 300 баш асыл тукум мал алып келинди

Кыргызстанга абердин-ангус породасындагы 300 баш асыл тукум мал алып келинди

Кыргызстанга 3% жеңилдетилген насыялоо долбоорунун алкагында абердин-ангус породасындагы алгачкы 300 баш асыл тукум мал алып келинди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Бүгүн Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – министр Эрлист Акунбеков Аксы районунун фермери Замир Алиевге аталган долбоордун алкагында 40 баш асыл