Бишкекте батирлердин ижара акысы төмөндөй баштады — эксперт

Бишкекте батирлердин ижара акысы төмөндөй баштады — эксперт

Бишкекте батирлерди ижарага алуунун орточо айлык баасы март айында төмөндөй баштаган. Мындай маалыматты Economist.kg басылмасына Кыргызстандагы House.kg кыймылсыз мүлктү сатуу жана ижарага берүү онлайн-платформасынын аналитиктери билдирди.

2022-жылы бир катар факторлор Бишкек шаарында ижара акысынын олуттуу өсүшүнө алып келген. House.kg сайтынын аналитика бөлүмүнүн маалыматы боюнча, алардын эң негизгилери:

  • инфляциянын өсүшү;
  • калктын ички миграциясына байланыштуу августтун аягында-сентябрдын башында баанын сезондук өсүшү;
  • Россияда мобилизация жарыялангандан кийин көчүп келгендердин толкуну.

Ижарага болгон суроо-талаптын өсүшүнө Бишкектин калкынын саны көбөйүп, ал эми жеткиликтүү үйлөрдүн азайышы түрткү болуп жатканын белгилей кетүү керек, анткени үй-бүлөлөрдүн кирешелери кыймылсыз мүлктүн бааларынын өсүшүн кууп жете албай келбейт.

Натыйжада, суроо-талаптын өсүшүнөн пайдаланып, ижарачылар ижара акысын улам көтөрүп келишкен.

«Орточо айлык ижара акысынын эң жогорку баасы чарчы метрине 11.62 долларга жеткен, бул биз байкап келген бүткүл тарыхтагы абсолюттук рекорд. Ошол эле учурда акыркы 3-4 айдын ичинде россиялыктар башка өлкөлөргө кетип же өз мекенине кайтып жатышкандыктан ижара акысы мурдагы өсүш темпине кайтып, төмөндөө баштаган. 2023-жылдын март айында бир чарчы метрди ижарага алуунун орточо айлык баасы 9.48 долларды түздү», — деди house.kg компаниясынын башкы директору Тилек Ешеналиев Economist.kg-ге берген комментарийинде.

House.kg сайтынын маалыматы боюнча, турак жайды сатуу баасына токтолсок, сунушка караганда суроо-талап дайыма көбүрөөк болгондуктан, баалар туруктуу динамика менен өсүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Жыргалаң курорттук шаарчасында 23 коттедж курулууда

Жыргалаң курорттук шаарчасында 23 коттедж курулууда

Жыргалаң курорттук шаарчасынын аймагында конокторду жайгаштыруу үчүн 23 жыгач коттедж курулууда. Бул тууралуу "Ала-Too Resort" ААКтан билдиришти Ар бир үй 6 адамга ылайыкталып, жалпысынан 138 орун каралган. Учурда айрым коттедждердин жыгач конструкциялары тургузулуп, чатырлары жабылды. Калган үйлөрдө конструкцияларды чогултуу иштери жүрүп жатат. Коттедждер Жыргалаң курорттук шаарчасынын биринчи

Дары өндүргөн ата мекендик ишканалар өнөктөштөргө тааныштырылды

Дары өндүргөн ата мекендик ишканалар өнөктөштөргө тааныштырылды

"Кыргызфармация" менен Кыргызстандагы Казакстандын бирдиктүү дистрибьютору — "СК-Фармация" ЖЧКсынын өкүлдөрү ата мекендик фармацевтикалык жана логистикалык ишканалардын иши менен таанышты. Аталган мекемеден билдиришкендей, алар жергиликтүү ишканалардын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн, технологиялык иштерин жана чыгарылып жаткан дары-дармектердин түрлөрүн көрүп чыгышты. Маалыматка ылайык, иш сапар "Кыргызфармация» менен "СК-

Ошто 2,6 млн сомдук коштомо документтери жок буюмдар аныкталды

Ошто 2,6 млн сомдук коштомо документтери жок буюмдар аныкталды

Ош шаарындагы эл аралык аба майданынан тиешелүү коштомо документтери жок суркүзөн терисинен жасалган буюмдар аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Орусиядан келген жарандардын жүктөрүн текшерүү учурунда жалпы 555 даана баш кийим жана 270 даана суркүзөндүн териси табылган. Жүктүн жалпы болжолдуу баасы 2,6 млн сомду түзөт. Ошол эле

Кыргызстанга абердин-ангус породасындагы 300 баш асыл тукум мал алып келинди

Кыргызстанга абердин-ангус породасындагы 300 баш асыл тукум мал алып келинди

Кыргызстанга 3% жеңилдетилген насыялоо долбоорунун алкагында абердин-ангус породасындагы алгачкы 300 баш асыл тукум мал алып келинди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Бүгүн Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – министр Эрлист Акунбеков Аксы районунун фермери Замир Алиевге аталган долбоордун алкагында 40 баш асыл