Кыргызстан тажик авиакомпаниясына аба мейкиндигин ачты
Кыргызстан Тажикстандын “Сомон Эйр” авиакомпаниясына Дүйшөмбүдөн Үрүмчүгө жана Новосибирскке жүргүнчү каттамдары үчүн аба мейкиндигин ачты. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинин маалымат кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, “Сомон Эйр” 2023-жылдын 8-февралынан 21-мартына чейинки аралыкта Душанбе – Үрүмчү – Душанбе, ошондой эле 5-февралда Душанбе – Новосибирск – Душанбе авиакаттамдары үчүн Кыргызстандан аба мейкиндигин берүүнү суранган. Маалыматка